Мамлекеттик турак жай программасы боюнча ведомстволор аралык комиссия 773 катышуучудан түшкөн кайрылуу боюнча тизмени карап чыкты.

29 Мая 2016

     2016-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын вице премьер–министри Гульмира Кудайбердиеванын жетекчилиги астында  Мамлекеттик турак жай программасы боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын алкагында ипотекалык насыя берүүнүн экинчи этабында Ведомстволор аралык комиссия 773 катышуучудан түшкөн кайрылуу боюнча тизмени карап чыкты.

     Каралган тизмеде саламаттыкты сактоо, билим берүү,  маданият жана социалдык тармактын өкүлдөрү болууда.  Булардын ичинен документтери талапка туура келгендери Мамлекеттик Ипотекалык  Компаниянын өнөктөш банктарына сунушталат жана бул тизме Мамлекеттик Ипотекалык  Компаниянын өзүнүн сайтында жайгаштырылган. (http://kgz.gik.kg/?p=537) Өнөктөш банктар  тарабынан оң чечим кабыл алынган учурда катышуучу алгачкы төлөмдү кошуп, насыя алат.

     Отурумдун жүрүшүндө “Мамлекеттик Ипотекалык  Компания” ачык акционердик коомунун Башкармасынын төрагасы Бактыбек Шамкеев 185 катышуучудан түшкөн кайрылуулар боюнча Ведомстволор аралык комиссия тарабынан 2016-жылдын 16-мартында каралган тизмедеги катышуучуларга насыя берүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди. Берилген насыялардын 2016-жылдын 20-майына карата жалпы суммасы 19 531 000 сом. Катышуучулардын документтерин кароо жана алгачкы тизме боюнча насыя берүү иштери уланууда.

     Мындан тышкары, МИКтин өкүлдөрү Программанын катышуучуларына насыя берүү үчүн “Жеке турак жайды куруу” модели туулалуу маалымат беришти. Бул модель боюнча максаттуу топ – Кыргыз Республикасынын жарандары жана алар төмөнкүлөргө ээ болуулары зарыл: бардык расмий жана тастыктоочу документтери менен жеке менчигинде турган жер тилкеси же бардык расмий жана тастыктоочу документтери менен жеке менчигиндеги жер тилкесинде жайгашкан курулуп бүтүрүлө элек үй. Мында катышуучунун өзүнүн жана чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн дагы  турак жайларынын жок экендиги эсепке алынат. Насыя   турак жайды курууга же  курулушу бүтө элек үйдү  толук бүткөрүүгө берилет.

     Үйдүн курулушун бүткөрүүгө насыя курулуп жаткан турак жай Кыргыз Республикасынын  ошол региондо  белгиленген курулуш  нормаларына жана эрежелерине (СНиП) ылайык келгенде гана берилет.

     Насыянын суммасы 3 000 000 сомго, мөөнөтү 15 жылга чейин. Курулуш мөөнөтүнө карата  пайыздык чен жылдык 15% болору каралууда. Курулуш иштери бүткөндөн кийин насыя  жылдык 12% дык чен менен эсептелет. Алгачы төлөм 20%. Ведомстволор аралык комиссиянын өкүлдөрү “Жеке турак жайды куруу”   модели боюнча иштөө  сунушун жактырышты.

// // //