КӨНҮЛ БУРУҢУЗДАР!

08 Июня 2016

   

     “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарандарына “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын алкагындагы ипотекалык насыя тууралуу маалыматты  (0312) 62-14-34 кызуу байланыш телефону боюнча чалып, сурап билүүңүздөрдү өтүнөт.  Дареги: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106, 1-кабат, 119-кабинет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” Программасы боюнча жалгыз гана “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому өз иш-аракеттерин алып барат. 

    “Мамлекеттик Ипотекалык Компания”  ачык акционердик коому  маалымат алууну каалаган жана Программанын тизмесине катталуучу жарандардан эч кандай төлөм акы албайт! Такталбаган маалыматтарга ишенбөөңүздөрдү өтө суранабыз! Мыйзамсыз акча жыйнаган учурларга туш болуп калсаңыздар, дароо Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына кайрылыңыздар!

Кеңири маалыматты “МИК” ААКнун расмий сайтынан окуп, таанышууга болот, дареги: www.gik.kg  жана Бишкек ш., Чүй проспекти, 106, кызуу байланыш телефону: 0312 62 14 34 аркылуу сурап билүүгө болот.

// // //