Өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыр тарткан жарандардын ипотекалык насыялоосу

01 Декабря 2017

Ош облусунун  Өзгөн, Чоң-Алай райондорундагы жана Жалал-Абад обсусунун Сузак районyндагы болгон өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыр тарткан 320 үй-бүлөгө “МИК” ААК тарабынан жалпы суммасы 85 млн. сомго жакын ипотекалык насыя берилди.  

Эске сала  кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомун жана Мамлекеттик турак жай программасынын маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын чечимин аткаруу алкагында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыр тарткан жарандарга “МИК” АКК 2017-жылдын сентябрь айында жеңилдетилген ипотекалык насыя берип баштаган.

Жабыр тарткан райондорунун жарандарына ипотекалык насыя берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн приоритеттүү маселелерин бири болуп саналат.

Ипотекалык насыялар жеңилдетилген жылдык 7 пайыз менен жана баштапкы төлөмсүз  берилет, насыяны 2018-жылдын август айына чейин алса болот. Ипотекалык насыяны алыш үчүн жабыр тарткан үй-бүлөлөр жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин (ӨКМ) жергиликтүү башкармалыгына кайрылыш керек. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ӨКМ менен биргелешип жабыр тарткандардын тизмесин түзөт, тизме “МИК” ААКна кароо үчүн жөнөтүлөт. Жабыр тарткандарга ипотекалык насыя “РСК Банк” ААК жана “Айыл Банк” ААК банктар аркылуу берилет.