МИК Казакстанга жана Германияга барып келген иш сапары тууралуу презентация өткөрдү

23 Ноября 2017

“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун (“МИК” АКК) өкүлдөрү Казахстан жана Германия мамлекеттерине барып келген иш сапарынын жыйынтыгын чыгарышты. Иш сапарынын негизги  максаты -  «Жилстройсбербанк Казахстана» акционердик коомунун жана Bausparkasse (Баушпаркассе Швебишь Халль) финансы институттарынын тажрыйбасын үйрөнүү болгон. Презентацияга  Кыргыз Республикасынын  Экономика министрлигинин  жана Кыргыз Республиканын Улуттук банктын өкүлдөрү катышты.

Азыркы учурда “МИК” ААК Кыргызстанда ипотекалык насыялоо рыногун жана турак жай фондун өнүгүүсүнө колдоо көрсөткөн “Турак жай-аманат насыялык компания” түзүүнү пландаштырууда.

Контрактык турак жай аманат механизмин иштеп чыгууда  Германиянын жана Казахстандын ушул маселе боюнча өнүгүү моделдери эске алынган.

 “МИК” ААК өкүлү Амантур Омуров билдирүүсү боюнча «Жилстройсбербанк Казахстана» АК тажрыйбасы абдан уникалдуу. Азыркы учурда  узак мөөнөттүү депозиттерин көлөмү боюнча  коммерциялык банктардын арасында  биринчи орунду ээлейт, 1 млн. жакын кардарлары бар, жана экономикалык активдүү жарандардын  11,1 пайызына  кызмат көрсөтөт.

Казахстандагы жалпы коммерциялык банктардын турак жай  куруу жана сатып алуудагы кредиттик портфелиндеги үлүшү 75 % түзөт, көлөмү  415 млрд.тенгеге барабар  ($1,2 млрд).

Германия өлкөсүнө болгон иш сапары  боюнча KfW банктын консультанты Бактыгуль Жеенбаева презентациясын улантты. Анын айтымында өзүнүн эффективдүүлүгүн  жана практикада   натыйжалуу болгон турак жайды каржылоо  боюнча германиялык модель дүйнөдөгү эң ийгиликтүү деп эсептелинет. Германияда ар бир экинчи үй бүлө Баушпаркассе системасынын катышуучусу болуп  саналат. Бул модель  бир топ өнүккөн өлкөлөрдө да колдонулгандыгы  программанын актуалдуулугун билдирет.

Белгилей кетсек, “МИК” ААК кызматкерлери  Германияга барган иш сапары KfW немис өнүгүү  банкынын колдоосу менен уюштурулган. Бул Банк Кыргызстанда азыркы учурда иштелип жаткан Контрактык турак жай аманат механизмин иштеп чыкканга колдоо көрсөтүп жатат.