Нарын жана Бишкек шаарларында МИК эконом-класс турак жайларын курууда.

02 Ноября 2017

Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААКун Банктар менен иштеген бөлүмүнүн  билдирүүсү боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020» Программасынын алкагында  Нарын шаарында беш кабаттуу 60-батирлүү жана Бишкек шаарында тогуз кабаттуу 135-батирлүү  турак жайлар курулуп жатат.

Курулуш иштери буткөндөн кийин батирлер  кийин сатып алуу менен 15 жылга ижарага берилет. Жакынкы арада Талас, Баткен, Жалал-Абад шаарларында  көп кабаттуу турак жайлардын  курулушуна тендер жарыяланат.

 Үйдүн курулушунда заманбап технологиялар колдонулат. Үй бышык кыш менен толтурулган туюк темирбетон каркас менен тургузулат, тышкы жасалгалоо эффективдүү жылуулукту сактаган материалдардан иштетилмекчи. Үй тоолуу аймакта жайгашкандыктан сейсмикалык туруктуулугуна өзгөчө көңүл бурулган.

МИК бюджеттик мекемеде иштегендерге ипотекалык насыяларын берүүсүн улантууда. Акыркы маалымат боюнча 2017-жылдын  ноябрь айында 2 156 ипотекалык насыя берилип жалпы суммасы 2 419 073 044 сомду түздү.

Жарандар турак жайды тандоодо жеке турак жайга караганда – 845 турак жай, көп кабатту батирлерди жогору баалашты – 1 311 батир.

Берилген ипотекалык насыялардын саны боюнча “Айыл Банк” ААК алдыда, экинчи орунда “КБ Кыргызстан” ААК ал эми “РСК Банк” ААК үчүнчү орунда.

Мындан тышкары МИК Ош облусунун Чоң-Алай, Өзгөн райондорундагы жана Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы зилзаладан жапа чеккен 2 119 жаранына атайын жеңилдетилген ипотекалык насыяларды берип баштаган, бүгүнкү күндө 248 ипотекалык насыя берилип жалпы суммасы  66 656 000,00 сомду түздү.