Пресс-релиз

30 Октября 2017

“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААКнун (МИК)  ипотекалык насыялоо боюнча иш-аракети тууралуу маалыматы

“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААКнун (МИК) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020»  программасын (Программа)  жүзөгө ашыруунун чегинде 2016-жылдын март айынан бери жарандарды турак жай менен камсыз кылууда.

Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан берилип жаткан 2,5 млрд. сом бюджеттик ссуда ипотекалык насыяларды кайра каржылоо максатына багытталууда.

МИК иш-аракетинин башталышынан бери “Даяр турак жайды сатып алуу” жана  “Жеке турак жайды куруу” механизмдерин ишке ашырууда. 2017-жылдын 30-октябрына карата абал боюнча 2122 жаранга насыя берилип, анын жалпы суммасы 2,3 млрд. сомдон ашууда.

Насыялар башында жылдык 12-14% менен берилген. 2016-жылдын 1-октябрынан тартып пайыздык чендер алгачкы төлөмгө байланыштуу жылдык 10-12% чейин төмөндөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков тарабынан коюлган тапшырманы аткаруу жана Программаны жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, МИК тиешелүү мамлекеттик структуралар жана өнөктөш банктар менен иш алып барууда. Тактап айтканда, өнөктөш банктар менен маржаны 1 пайызга  төмөндөтүү келишими жетишилип, натыйжада алар тарабынан коюлган жылдык маржа 4% түзүп калды. Ошондой эле, өкмөт тарабынан коюлган тапшырманын чегинде  Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан берилип жаткан бюджеттик ссуданын жылдык пайыздык чени 1%га төмөндөдү. “Жыйынтыктап айтканда «Арзан турак жай 2015-2020»  мамлекеттик программасынын катышуучулары үчүн  8-10%  түзүүдө. Бул алгачкы төлөм менен байланыштуу белгиленүүдө.

Жарандарды турак жай менен камсыздоо жана  өзүнүн турак жай фондун түптөө максаттарында, МИК жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (ЖМА) менен тыгыз кызматташуу аркылуу,  республикабыздын  бардык областтык борборлорунда  эконом-класстагы  көп батирлүү турак жайларды куруу алдында турат. 2017-жылдын 8-сентябрь күнү Нарын шаарында 5 кабаттуу  60 батирлүү үйдүн курулушу башталды. Ошону менен катар эле, 2017-жылдын 11-сентябрына карата Бишкектеги “Тунгуч” кичи шаарчасында  9 кабаттуу 135 батирлүү  үйдүн курулушу ишке кирди.

Кошумча каржылоо булактарын тартуунун чегинде, немец KfW өнүктүрүү банкынан  11 млн. евро өлчөмүндө каражат алууга келишим түзүлдү,  бул каражаттар Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары элет аймактарындагы жана чакан шаарлардагы кирешелери төмөн жана орто үй-бүлөлөргө  ипотекалык насыялоо үчүн багытталат.

МИКтин негизги иш-багыттары болуп төмөндөгүлөр саналат:

1.     «Арзан турак жай 2015-2020» мамлекеттик программасынын катышуучуларына насыя берип жаткан өнөктөш банктарды  системалуу жана узак мөөнөттүү каржылоо;

2.      Калктын орто жана ортодон төмөн кирешелүү катмары үчүн эконом-класс  турак жайларын  куруу аркылуу өз турак жай фондун түзүү;

3.     Жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу максатында ипотекалык баалуу кагаздар рыногун  өнүктүрүү;

4.     Мамлекеттик турак жай программасын  жүзөгө ашыруу максатында МИКти өзүн туруктуу каржылай ала турган уюм катары өнүктүрүү.

МИК 2020-жылга карата стратегиялык максаттарга жетүү үчүн төмөнкүдөй милдеттерди аныктайт:

·        насыя куржунунун көлөмүн 10 млрд. сомго чейин жеткирүү;

·        Ипотекалык насыялоо үчүн узак мөөнөттүү ресурстарды 7 млрд. сомго чейин тартуу;

·         баалуу кагаздарды чыгаруунун 3 млрд. сомго чейинки жалпы көлөмү менен ипотекалык баалуу кагаздардын экинчи рыногун өнүктүрүү;

·        эконом-класс турак жайларын 130 миң чарчы метрге чейинки көлөмдө куруу;

·        Турак жай аманат кредиттик компаниясын  түзүү жана 500 млн. сомдон жогору  аманат суммасын топтоого 3000 аманатчыны тартуу;

·        калктын кеңири чөйрөсүн камтуу максатында МИКтин аймактарда бөлүмдөрүн ачуу. 

Статистикалык маалыматтарга ылайык, биздин республиканын 300 миңдей  үй-бүлөсү  өздүк  турак жайга муктаж.  Ошондуктан  МИКтин   турак жай маселесин чечүүдөгү чымырканган аракетине карабай, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык структуралардын дагы биргелешип иштөө муктаждыгы ачык турат.