Куттуктоо!

19 Октября 2017

Майрамыңыздар менен, урматтуу социалдык тармактын кызматкерлери!

Урматтуу Кыргыз Республикасынын социалдык тармакта эмгектенип жаткан кызматкерлери – социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен кызуу куттуктайбыз!

Сиздер жашоо-турмушубуздагы жеңил болбогон тармакты алдыга сүйрөп, далай иштерди аткарасыздар. Адамдардын социалдык ал абалынын жогорку денгээлде болушу, муктаждыктары боюнча ар кандай маселелерди зарыктырбай чечүү үчүн талыкпай кам көрүп келесиздер.

Сиздердин иш-аракетиңиздердеги чын жүрөктөн болгон инсандык ар бир мамиле чоң урмат-сыйга татыйт!

Учурдан пайдаланып, сиздердин бардыгыңыздарга бекем ден-соолук, кажыбаган кайрат  жана албан ийгиликтерди каалайбыз!

 

“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК эмгек жамаатынын атынан

Шамкеев Бактыбек Абылкасымович