Жагдай боюнча түшүндүрмө

10 Октября 2017

“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК (МИК) “Акипресс” ИА маалыматына карата жооп иретинде ипотекалык программанын жүрүшү тууралуу абалга түшүндүрмө берет

“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын чегинде өз иш-аракетин  2015-жылдын  декабрь айында баштаган. Биринчи ипотекалык насыя 2016-жылдын 26-мартында  берилип, ошол учурдан бери  бүгүнкү учурга карата 1900дөн ашык  насыя берилип, жалпы суммасы 2,25 млрд. сомду түзүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын ийгиликтүү жүзөгө ашыруунун чегинде МИК каржылоонун төмөндөгүдөй моделдерин иштеп чыккан:

  1. Кыргыз Республикасынын жарандарына коммерциялык банктар аркылуу ипотекалык насыяларды берүү.
  2. “Жеке турак жайды куруу” моделин жүзөгө ашыруу.
  3. Программаны жеткиликтүү турак жай куруу жана ипотекалык насыялоону “Андан ары сатып алуу менен ижарага турак жай” модели аркылуу ишке ашыруу.

Ипотекалык насыя алуу Программанын катышуучусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияга  арыз жана тиешелүү документтерди тапшыруу учурунан башталат.  Ал жерде  турак жай маселеси боюнча комиссия келип түшкөн документтерди карап чыккандан кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө жана Бишкек шаарынын мэриясына жалпылоо үчүн жиберишет. Жалпы жыйынтыкталган тизмелерди МИК карап чыгып, бекиткенден кийин өнөктөш коммерциялык банктарга жөнөтөт.

Өнөктөш банктар оң чечим кабыл алгандан кийин насыя ала турган катышуучу алгачкы төлөмүн төлөп, ипотекалык насыяны алат.

Ал эми  тизмелерди тариздөөнүн сапаты МИК тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен системалуу иш алып баруудан соң жакшырып жатат. Тактап айтсак, 2016-жылдын сентябрь айынан тартып тизмедеги катышуучулардын саны 350-400 адам болууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомуна ылайык,  МИК 2017-жылдын 14-сентябрынан тарта  Ош областынын Чоң Алай, Өзгөн райондорунда жана Жалал-Абад областынын Сузак районунда табигый кырсыктан жапа чеккендерге Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бекитилген кошумча тизме аркылуу ипотекалык насыяларды  бере баштаган.

Жабыркагандарга ипотекалык насыя МИКтин “Жеке турак жайды куруу” механизми аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү тапшырмасы  менен уюштурулган “Бирдиктүү терезе” схемасы боюнча берилип жатат.

http://www.tazabek.kg/news:1409179