Биринчи Ипотекалык күрөөлүк чыгарылды

19 Сентября 2017

«Кыргызстан коммерциялык банкы» өлкөбүздө биринчи  Ипотекалык күрөөлүктүн чыгарылышын  камсыз кылды

«Кыргызстан коммерциялык банкы» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын алкагында  берилген насыялар боюнча биринчи  ипотекалык күрөөлүктүн чыгарылышын  камсыз кылды.

Ипотекалык күрөөлүк – ипотека менен камсыз болгон баалуу кагаз.

“Бул  биздин өлкөбүздө  ипотекалык насыяны  өнүктүрүүдөгү  тарыхый кадам, - деп билдирди “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК башкармасынын төрагасы  Бактыбек Шамкеев.

-Биз “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын алкагында  берилген насыялар боюнча Ипотекалык күрөөлүктүн чыгарылышына (эмиссия) карата өнөктөш коммерциялык банктар менен кошумча келишимге кол койгонбуз. Ипотекалык күрөөлүктүн пулу Ипотекалык күрөөлүктү чыгара баштоого жана ипотекалык насыялоого Кыргыз Республикасынын фондулук биржасы аркылуу  ички рыноктон кошумча каражаттарды тартууга мүмкүндүк берет. Алгачкы Ипотекалык облигациялардын чыгарылышы ушул жылдын аягына пландаштырылууда”.