Жабыркагандарга жардам

14 Сентября 2017

Жабыркагандар ипотекалык насыя ала башташты

2017-жылдын 14-сентябрында Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагында жабыркагандардан 4 үй-бүлө, ал эми Чоң-Алай районун Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу 1 үй-бүлө 300 миң сомдон ипотекалык насыяны Айыл банкынын аймактагы бөлүмдөрү аркылуу алышты.

Насыялар турак жайды башынан курууга 300 миң сомдон 7 жылга, ал эми калыбына келтирүүгө 200 миң сомдон 5 жылдык мөөнөткө, өздүк салымысыз, жылдык 7% менен берилүүдө.

  

Жалпысынан табигый кырсыктан улам турак жайга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн саны Чон-Алай району боюнча 642, Сузак району боюнча 462, Өзгөн району боюнча 933.

  

«Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААКтын Ош облусунун Чоң-Алай, Өзгөн райондорунда жана Жалал-Абад областынын Сузак районунда табигый кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөргө “Жеке турак жай куруу” механизминин чегинде ипотекалык насыялоо мүмкүнчүлүгү бар экендиги белгиленген.

Жабыркаган жарандардын турак жай курууга жана калыбына келтирүүгө ипотекалык насыя алуу ишин жеңилдетүү максатында өкмөттүн тапшырмасы менен аталган аймактарда «Бирдиктүү терезе» схемасынын ишке киришкенин маалымдаганбыз.

Бул багытта насыя алуунун шарттары тууралуу толук маалымат менен МИКтин расмий сайтынан толук таанышууга болот: http://gik.kg/upload/file/tereze.pdf.