Нарында жаңы үй

08 Сентября 2017

      МИК Нарында эконом-класс үй курат

2017-жылдын 8-сентябрь күнү Нарын шаарында 5 кабаттуу  60 батирлүү үйдүн пайдубалын түптөөгө байланыштуу расмий иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жана тиешелүү министрилктердин, ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик органдардын жана “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК (МИК)  өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.

(сүрөттөрдүн автору Элиза Токтогоновна)

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө  өлкөнүн аймактарында социалдык турак жай  куруу боюнча масштабдуу долбоор Нарын шаарынан башталганын белгиледи.

“Бирок «Арзан турак жай 2015-2020” программасы Нарында бир үйдү куруу менен чектелбеши керек.  Курулуш иштери  тынымсыз жүргүзүлүүгө тийиш.  Нарын шаарынын көркү  жакында  жакшы жагына өзгөрө баштайт. Калкты  арзан турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин негизги  милдеттеринин бири болууга тийиш. Жакынкы 5-10 жылда  биз бардык муктаж болгондорго жана бюджет тармагынын кызматкерлерине социалдык турак жайлардын тартыштыгын  жоюуга  милдеттүүбүз”, -деди Мамлекет башчысы.

Президент Алмазбек Атамбаев шаардыктарды  биримдикке жана ынтымакка чакырып, колдоо жана ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

   

Жарандарды турак жай менен камсыздоо жана өзүнүн турак жай фондун түптөө максаттарында, МИК жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (ЖМА) менен тыгыз кызматташуу аркылуу,  республикабыздын  бардык областтык борборлорунда  эконом-класстагы  көп батирлүү турак жайларды курууну колго алууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай – 2015-2020” программасынын чегинде, бүгүнкү күнгө карата 1600дон ашык жараны ипотекалык насыя алуу менен, өз турак жайларына ээ болуп, мунун жалпы суммасы 2 млрд. сомдон ашууда. Мында, Нарын аймагы боюнча ипотекалык насыяга 37 жаран батир, ал эми 41 жаран жер үйлөрдү сатып алууга жетишкен. Булар мугалимдер, дарыгерлер, маданият, коргоо, социалдык өнүктүрүү тармагында татыктуу иштеп жаткан биздин жарандарыбыз. Дагы бир нече жаран турак турак жайлуу болуу алдында турат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай – 2015-2020” программасынын алкагында МИК тарабынан  курулуп жаткан бул жаңы үй Кыргызстандын стратегиялык өнүгүү багытындагы саясый кадам, тарыхый окуя болуп калат!

Кошумча маалымат үчүн

Баткен, Жалал-Абад жана Талас шаарларында  үйлөрдүн курулушун долбоорлоо-сметалык документациялары даярдалып калды.

Бишкектеги “Тунгуч” кичи шаарчасында  9 кабаттуу 135 батирлүү  үйдүн курулушу боюнча азыркы учурда курулуш компаниясын тандоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бүтүндөй алганда,  бул компания 2020-жылдын аягына чейин 130 миң чарчы  метр  турак жай курууну пландаштырууда.

Каржылоо булактары–Карыздык милдеттенмеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бөлүнүп бериле турган  бюджеттик ссудалар жана МИКтин өздүк каражаттары.

Ипотекалык насыялар МИК менен өнөктөштүктө иштешип  жаткан жана аймактар боюнча бөлүмдөрү бар 13 банк аркылуу ишке ашырылып жатат.

Калкка ипотекалык насыялоо маселеси боюнча ырааттуу маалымат берүү максатында  МИКтин өзүнүн сайты  www.gik.kg жана Фейсбук сетинде  социалдык баракча иштеп, мында жарандар өз суроолоруна дароо жооп алып жатышат. Ошондой эле коомдук кабыл алуу бөлүмү келген жарандарды кабыл алып, төмөндөгү телефондор аркылуу маалыматтар менен толук камсыздоого тынбай кам көрүүдө: 0772 549 790, 0555 887 283, 0770 941 080, 0559 555 215, 0550 121 165, 0772 576 050, 0770 712 100.