2 млрд сом

05 Сентября 2017

МИК 2 млрд. сомду ийгиликтүү иштетти

“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК республикабызда  ипотекалык насыялоону ишке ашыруу үчүн  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан  берилген бюджеттик ссуданын 2 млрд. сомун ийгиликтүү өздөштүрүүгө жетишти.

2017-жылдын 5-сентабрына карата МИК тарабынан 1638 насыя кайра каржыланып, жалпы суммасы 2 млрд. сомдон ашууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Ведомстволор аралык комиссиянын тиешелү чечимине ылайык,  бюджеттик  мекеме-уюмдардын менчик турак жайга муктаж кызматкерлерине, атап айтканда, мугалимдерге, дарыгерлерге, коргоо, мананият, социалдык өнүктүрүү жана бюджеттик башка тармактарда иштеп жаткандарга берилип жатат.

Программанын чегинде ипотекалык насыяларды республиканын бардык аймактарындагы жарандар кыймылсыз мүлк рыногунун абалына жана үй-бүлөлүк кирешелерине жараша алып жатышат. Турак жайлары болбогон жана төлөөгө жөндөмдүү болгон учурда, жогоруда аталган тармактардын кызматкерлери ипотекалык насыя алуу үчүн жашаган жерлери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга кайрыла алышат. Талаптарга ылайык келүү менен топтолгон документтердин негизинде, Программанын катышуучуларынын тизмелери таризделет (насыя алуу кадамдары, тартиптери жана талап кылынган документтер тууралуу маалыматтар менен МИКтин сайтынан кенен таашыууга болот: www.gik.kg ).

Азыркы учурда МИК “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын алкагында ипотекалык насыялоону жүзөгө ашырууда. Программанын катышуучулары насыяларды МИК тарабынан иштелип чыккан 2-механизм боюнча - даяр турак жайларды сатып алууга жана жеке турак жайларды курууга 3 млн. сомго, 15 жылга чейин алып жатышат. Мында пайыздык чендер, тиешелүүлүгүнө жараша, жылдык  10-12%, 14-10%.

Программаны ишке ашыруунун  жүрүшүндө  анын катышуучуларынын айрым бөлүгү 10-30% өлчөмүндөгү өздүк салымды чогултууда кыйналып жатышканы белгилүү болду. МИК мына ушул жагдайды эске алуу менен, атайын финансы-кредиттик уюмду негиздөөнүн үстүндө иш алып барууда. Мында   каражаттарды кабыл алуу, аларды сактоо, убактысы келгенде жеңилдетилген шартта ипотекалык насыя берүү жузөгө ашырылат. Ал эми пайыздык чендер жылдык 7-9% өлчөмүндө болору каралууда.

Алына турган батирдин жалпы аянты, тиешелүү критерийлерге ылайык, 80 чарчы метрден, жер үйдүн жалпы аянты 150 чарчы метрден жогору болбоого тийиш.  Насыялардын жана  төлөмдөрдүн аймактар боюнча  орточо мааниси мындайча:

Жарандарды турак жай менен камсыздоо жана  өзүнүн турак жай фондун түптөө максаттарында, МИК жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (ЖМА) менен тыгыз кызматташуу аркылуу,  республикабыздын  бардык областтык борборлорунда  эконом-класстагы  көп батирлүү турак жайларды куруу алдында турат.

Нарын областында үй курууга тендердин жыйынтыгында курулуш компаниясы тандалып алынып, азыркы учурда курулуш иштери башталуу алдында турат.

Баткен, Жалал-Абад жана Талас шаарларында  үйлөрдүн курулушун долбоорлоо-сметалык документациялары даярдалып калды.

Бишкектеги “Тунгуч” кичи шаарчасында  9 кабаттуу 135 батирлүү  үйдүн курулушу боюнча азыркы учурда курулуш компанияларын тандоо иштери жүргүзүлүүдө.

 

Каржылоо булактары – Карыздык милдеттенмеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бөлүнүп бериле турган  бюджеттик ссудалар жана МИКтин өздүк каражаттары.

Ипотекалык насыялар МИК менен өнөктөштүктө иштешип  жаткан жана аймактар боюнча бөлүмдөрү бар 13 банк аркылуу ишке ашырылып жатат.

Калкка ипотекалык насыялоо маселеси боюнча ырааттуу маалымат берүү максатында  МИКтин өзүнүн сайты  www.gik.kg жана Фейсбук сетинде  социалдык баракча иштеп, мында жарандар өз суроолоруна дароо жооп алып жатышат. Ошондой эле коомдук кабыл алуу бөлүмү келген жарандарды кабыл алып, төмөндөгү телефондор аркылуу маалыматтар менен толук камсыздоого тынбай кам көрүүдө: : 0772 549 790, 0555 887 283, 0770 941 080, 0559 555 215, 0550 121 165, 0772 576 050, 0770 712 100.