Аманат акча

29 Августа 2017

Аманат акчалар камсыздандырылат

Белгилүү болгондой, “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК (МИК) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын чегинде ипотекалык насыяларды даяр турак жай сатып алуу жана жеке турак жайды куруу механизмдери аркылуу кайра каржылап жатат.

Бирок Программаны ишке ашырууда МИК жарандардын турак жайга муктаждыгы ар кыл мүнөзгө ээ экендигине жана алгачкы төлөмдү төлөө дарамети да көмөкчү жардамдарды талап кылуусуна дуушар болууда. Мына ушуга окшогон жагдайларды жана башка суроо-талап, сунуштарды эске алуу менен МИК “Ссуда-сактык  турак жай курулуш кассаларын иштетүүгө киришип жатат. Мында катышуучулардын акча каражаттары  атайын турак жай  аманаттары топтолуп, натыйжада  аларга  жеке турак жай курууга, батирлерди жана жер үйлөрдү сатып алууга  насыялар берилет. 

Дүйнөлүк тажрыйбаларды эске алуу менен, МИК бул иште аманаттардын камсыздандырылышын (страхование) да эсепке алууда. МИКтин бүгүн, 29-августта болуп өткөн иш талкуусуна “Мамлекеттик камсыздандыруу уюуму” ААК башкармасынын орун басары Шаршеналиев Бакыт катышып, бул жаңы продукт боюнча камсыздандыруунун тиешелүү механизмдерин иштеп чыгып, тиешелүү уюмдар менен  макулдаша тургандыгы тууралуу билдирди.

Эскерте кетсек, МИК бул жаны багыт боюнча ишти ушул жылдын соңку айларында баштоону караштырып жатат.