Жаңы кардар, төмөн пайыз

22 Августа 2017

Чанг Ан банк: биринчи кардар, арзандаган пайыз

2017-жылдын 22-августунда “Чанг Ан” Инвестициялык Банк”ААКда ипотекалык насыяны биринчи болуп алып жаткан  жаранга сертификат тапшырылды.

Иш-чарага аталган банктын башкармасынын төрагасы Азамат Акматов, “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК (МИК) башкармасынын төрагасынын орун басары Усенакун уулу Нуржигит, ипотекалык биринчи насыя алуучу жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Иш-чараны ачуу менен Азамат Акматов бул банк үчүн чоң окуя экендигин, анткени алар  МИК  менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын (Программа) чегинде кол коюлган келишимге ылайык, биринчи жолу ипотекалык насыяны берип жатканын айтты. Биздин жарандарыбыздын турак жайга муктаждык маселесин чечүүгө катышып жатканыбыз сыймыктуу болгону менен, бул чон жоопкерчилик дагы экендигин жакшы билебиз. Ошондуктан биз бул кызматташтыкты жогорку денгээлде улантууга жана жарандар үчүн  ынгайлуу шарттарды түзүүгө даярбыз,- деди банк төрагасы

    

МИК башкармасынын төрагасынын орун басары Усенакун уулу Нуржигит сөздү бул банктын ипотекалык насыяны берүүдөгү өзгөчөлөнгөн кадамына токтолуу менен баштады. МИК менен кызматташып жаткан өнөктөш банктар ортосундагы келишимге ылайык, банктар ипотекалык насыялоо боюнча маржаны (жылдык пайыздык ченди) 5 пайыздан төмөн  белгилей алышат. Мындай учурда  “Чанг Ан” Инвестициялык Банк” ААК маржаны 4,5% өлчөмүндө белгилөө чечимин кабыл алганын биз кубануу менен белгилеп кетебиз. Бул банктын мындай чечимге барышы атаандаштык чөйрөдө анын саясаты ийкемдүү экендигин айтып турат жана дараметтүү карыз алуучулар тарабынан ипотекалык насыяларды алууга шарттарды жеңилдетет. Натыйжада, банктын кардарларынын ипотекалык насыялар боюнча пайыздык чени 10,11,12% ордуна 9.5, 10.5, 11.5% өлчөмүндө белгиленет.

Ал эми МИКтин бүгүнкү күндөгү иш-аракети тууралуу айта турган болсом, мамлекеттик программанын алкагында 1588 жаранга ипотекалык насыяларды бердик жана анын жалпы суммасы 1,9млрд. сомдон ашууда.  Ошондой эле, МИК өз турак жай фондун түптөө жана жарандарды турак жай менен толук камсыз кылуу максатында республиканын аймактарында эконом-класс үлгүсүндөгү 5 кабаттуу, 60 батирлүү турак жайларды куруу боюнча даярдык иштери жүргүзүүдө. Азыркы учурда Нарын шаарында курулуш боюнча жарыяланган тендерден утуп алган ишкана менен келишим түзүү алдында турабыз. Бишкек шаары боюнча да тендердик иштер жүргүзүлүүдө. Калган областтык шаарлардын жетекчилери менен да сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, ипотекалык насыяларды алууда жарандардын алгачкы төлөм боюнча каражаттарын топтоосуна өбөлгө боло турган дагы бир жаңы – турак жай аманат кассасы механизмин иштеп чыктык. Бул кийинки жылдан тарта ишке аша баштайт.  

Ал эми бул банктын  ипотека насыясы боюнча биринчи кардары катары сертификат алып жаткан, бюджеттик мекемеде иштеген жаран өз кубанычын мындайча билдирди:

 - Менде дагы көп жылдардан бери турак жайга муктаждык болуп келген. Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын иш аракети боюнча карап, тиешелүү маалымат алып, документтеримди топтоп тизмеге илинип калдым. Андан кийин МИК менен иштеген банктарды иликтеп чыгып, ушул Чанг Ан банкы менен сүйлөшкөндө шарттары жагып калды. Менин биринчи кардар катары салыштырмалуу арзан пайыз менен алып жатканым дагы кубанычтуу окуя. Белгилеп кете турган нерсе, ипотекалык насыя  алууда өзүң аракеттенсең эле, тез аранын ичинде чечилет экен.

  Менин МИКке жөнөткөн билдирүүм бир күндө жактырылды, андан кийин банктан насыяны дароо эле алдым. Чанг Ан банкынын жетекчилиги, кызматкерлери да  кардарларга жогорку денгээлде, ийкемдүү, сылык мамиле жасашат экен. МИКтин, бул банктын биргелешкен иштеринин натыйжасында менин аракетимдин акыбети кайтып, турак жайлуу болгонум үчүн буларга  терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалаймын,- деди биринчи кардар.

Кошумча маалымат иретинде

МИКтин шарттарына ылайык, ипотекалык насыяларды  республиканын 13 коммерциялык банкынан алуу  мүмкүнчүлүгү түзүлгөн: «РСК Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК, «Компаньон банкы» ЖАК, «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААК, «Азия Банкы» ЖАК, «Capital Bank» ААК, «БТА Банк» ЖАК, "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк"  ЖАК, "Бай-Түшүм" Банкы ЖАК.  “Кыргыз коммерцбанк” ААК жана “Россинбанк” ААК, “Бакай Банк”ААК, «Инвестициялык Банк Чанг Ан» ААК.

 “МИК” ААК жана өнөктөш банктар ортосунда “Мамлекеттик ипотекалык насыялоо багытында кызматташуу тууралуу” башкы келишимге ылайык, банктар ипотекалык насыялоо боюнча маржаны ( жылдык  пайыздык ченди) 5 пайыздан төмөн белгилей алышат.

Мына ушул келишимге ылайык жана өзүнө кардарларды тартуу максатында, “Чанг Ан” Инвестициялык Банк” ААК кошумча  жылдык пайыздык ченди 4,5% өлчөмүндө белгилөө чечимин кабыл алган. Натыйжада, банктын кардарларынын ипотекалык насыялар боюнча пайыздык чени 10,11,12% ордуна 9.5, 10.5, 11.5% өлчөмүндө белгиленет.

Эскерте кетсек, МИК жана  “Чанг Ан” Инвестициялык Банк” ортосундагы кызматташуу келишимине  2017-жылдын 30-июлунда  кол коюлган.