Чанг Ан банк - маржа 4,5%

21 Августа 2017

“Чанг Ан” Инвестициялык Банк”ААК маржаны 4,5% өлчөмүндө белгиледи

 “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК  иштегенден баштап эле Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын жүзөгө ашыруунун чегинде,  “Даяр турак жайды сатып алуу” жана “Жеке турак жайды куруу”  эки механизми аркылуу ипотекалык насыялоону жүзөгө ашырууда.

МИКтин шарттарына ылайык, ипотекалык насыяларды  республиканын 13 коммерциялык банкынан алуу  мүмкүнчүлүгү түзүлгөн: «РСК Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК, «Компаньон банкы» ЖАК, «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААК, «Азия Банкы» ЖАК, «Capital Bank» ААК, «БТА Банк» ЖАК, "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк"  ЖАК, "Бай-Түшүм" Банкы ЖАК.  “Кыргыз коммерцбанк” ААК жана “Россинбанк” ААК, “Бакай Банк”ААК, «Инвестициялык Банк Чанг Ан» ААК.

 “МИК” ААК жана өнөктөш банктар ортосунда “Мамлекеттик Ипотекалык насыялоо багытында кызматташуу тууралуу” башкы келишимге ылайык, банктар ипотекалык насыялоо боюнча  маржаны (жылдык  пайыздык ченди) 5 пайыздан төмөн  белгилей алышат.

Мына ушул келишимге ылайык жана өзүнө кардарларды тартуу максатында “Чанг Ан” Инвестициялык Банк” ААК маржаны 4,5% өлчөмүндө белгилөө чечимин кабыл алды.

Бул банктын мындай чечимге барышы атаандаштык чөйрөдө анын саясаты ийкемдүү экендигин айтып турат жана дараметтүү карыз алуучулар тарабынан ипотекалык насыяларды алууга шарттарды жеңилдетет. Натыйжада, банктын кардарларынын ипотекалык насыялар боюнча пайыздык чени 10,11,12% ордуна 9.5, 10.5, 11.5% өлчөмүндө белгиленет.

Эскерте кетсек, МИК жана  “Чанг Ан” Инвестициялык Банк” ортосундагы кызматташуу келишимине  2017-жылдын 30-июлунда  кол коюлган.

Азыркы учурда аталган банк ипотекалык насыяларды белгиленген салыштырмалуу төмөн пайыздык чен менен берүүнүн алдында турат.