Кесиптик майрамыңыздар менен!

13 Августа 2017

“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК  Кыргызстандын курулушчуларын жана өз курулуш бөлүмүнүн кызматкерлерин кесиптик майрам менен кызуу куттуктайт!

Барыбызга маалым болгондой эле, Кыргыз Республикасында курулуш тармагы республикабыз көз карандысыздыкка ээ болгондон бери өзүнүн өнүгүү жолунда келе жатат. Коомубуздун өнүгүшүндөгү саясый-экономикалык өзгөрүүлөр бардык тармактардагы, ошонун ичинде, курулуш тармагында дагы заманбап шарттарына ылайык иш алып барууну талап кылууда. Азыр биздин өкөнүн борбордук шаарларын, ошондой эле аймактарды мында 20-30 жылдагы учур менен салыштырып болбойт.   Албетте мында жарандарыбыздын дагы турак жайларын жакшыртуу, ар кандай ишкердик, кызмат көрсөтүү объекттерин курууга жетишкен аракеттерин да айтпай кетүүгө болбойт. Ошондой болсо дагы, азыр өлкөбүздөгү курулуш тармагы үчүн сапаттык мыкты көрсөткүчтөргө жетишүү аракеттери алдыда турган иштер экени абзел.

Жарандарды турак жай менен камсыздоо жана  өзүнүн турак жай фондун түптөө максаттарында, МИК жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (ЖМА) менен тыгыз кызматташуу аркылуу,  республикабыздын  бардык областтык борборлорунда  эконом-класстагы  көп батирлүү турак жайларды куруу алдында турат.

Курулуш иши менен алектенүүдөн улам, мындай курулуш ишинде мыйзам талаптарын толук сактоо үчүн  бир катар тактоолор,  бардык катышуучу уюмдар ортосунда макулдашуулар  талап этилип жатканын айта кетүүгө туура келүүдө. Анткени, Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгон учурдан тарта, жалпысынан, ипотекалык насыялоо жана ипотека шартында турак жайларды куруу биринчи жолу башталып жатканын эске тутуп коюу зарыл экен.

Албетте, мындай болгон соң, МИК  аймактарда инфраструктуранын оңолушуна салым кошуп, эконом-класс үлгүсүндөгү турак жай курулушунун жана өз республикабыздын жарандарынын турак  жай маселелерин чечүүнүн башында татыктуу колдоочулардан болуп калууга даяр ишканалар менен кызматташууга өтө кызыкдар. Бул багытта МИКтин капиталдык курулуш бөлүмүнүн кызматкерлери дагы абдан кызуу иш алып барышууда.

Учурдан пайдаланып, Кыргызстандын бардык куруучуларына, анын ичинде МИКтин куруучуларына бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, иштеринде зор ийгиликтерди каалап кетемин!

 

“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК Башкармасынын төрагасы   

Шамкеев Бактыбек Аблыкасымович