Ипотекалык күрөө (баалуу кагаз)

09 Августа 2017

Ипотекалык күрөөлөр МИКтин насыя куржуну көлөмүн көбөйтүүгө көмөк болот

2017-жылдын 9-августунда Экономика министрлигинин кичи залында  “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК  жана  өнөктөш банктардын өкүлдөрүнүн жумуш тартибинде жолугушуулары болуп өттү.

Жолугушууда МИКтин  ипотекалык күрөөлөрдү чыгаруу жана алардан иш жүзүндө пайда көрүү схемасы талкууга алынды. Ипотекалык күрөөнү (баалуу кагаздар) жүгүртүү механизмдери төмөндөгүчө: МИК ипотекалык күрөө менен камсыз болгон ипотекалык баалуу кагаздарды чыгарып,  аларды инвесторлорго  сатып, түшкөн финансылык каражаттарды  МИК  менен иштеп жатышкан өнөктөш банктарга жаңы насыяларды берүү үчүн жөнөтөт.

Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары МИК менен өнөктөш банктардын ортосундагы кызматташтык тууралуу Башкы (Генералдык) келишимге  карата  макулдашуу долбооруна тактоолорго токтолушту.

       

Кыргызстандын баалуу кагаздар рыногунда  дээрлик жаңы финансылык инструмент боло турган ипотекалык күрөөлөр МИКтин насыя куржунунун көлөмүн көбөйтүү жагы каралууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын (мындан ары Программа) жүзөгө ашыруунун чегинде МИК республиканын 13 коммерциялык банкы менен кызматташууда: «РСК Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК, «Компаньон банкы» ЖАК, «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААК, «Азия Банкы» ЖАК, «Capital Bank» ААК, «БТА Банк» ЖАК, "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк"  ЖАК, "Бай-Түшүм" Банкы ЖАК.  “Кыргыз коммерцбанк” ААК жана “Россинбанк” ААК, “Бакай Банк”ААК, “Чанг Ан” Инвестициялык Банк” ААК.

// // //