• ММБФ коллегиясында

08 Августа 2017

Кыргызстанда ипотекалык насыялоо ишине МИКтин чыгармачыл мамилеси жогору баага татыды

2017-жылдын 8-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиясы болуп өттү.

Коллегияда “Мамлекеттик  Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун (МИК)  аталган  жарым жыл ичинде аткарган финансы-чарбалык иш-аракети тууралуу отчету угулду. МИК башкармасынын төрагасы  Бактыбек Шамкеев  айткан маалымат ипотекалык насыялоодогу иш-багыттарын, 2017-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата иш пландарын камтыды.  

МИК азыркы учурда даяр турак жайды сатып алууну жана жеке турак жайды курууну каржылоо механизмдерин ишке ашырып жатат, ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу даярдыгы жүрүп жатат. Ошондой эле  республиканын бардык аймактарында  эконом-класс үлгүсүндөгү турак жайларды куруу иши башталуу алдында.   Ал эми ижарага турак жай, контрактык турак жай аманаттары жаңы механизм катары иштелип чыкты. Ошондой эле кошумча каржы каражаттарын тартуу МИК үчүн адаттагыдай эле маанилүү маселе бойдон кала бермекчи.  

Турак жай аманат кредиттик компанияны (ТЖАКК) иштетип кетүүгө МИК тарабынан иштелип чыккан 2017-жылга карата жол картасы жана ипотекалык баалуу кагаздарды (ИБК) пайдалануу схемасы катышуучулардын  бүйүрүн кызытты.

Атап айтканда, Бактыбек Шамкеев МИК 2017-жылга карата планына ылайык, 600 млн. сом суммасына ИБК чыгаруу жана 14,5 миң  чарчы метрге ылайык турак жай куруу күтүлүп жатканын билдирди.

Натыйжада, Кыргызстанда ипотекалык насыялоо ишинде МИКтин чыгармачыл мамилесине ММБФнун төргасы Болсунбек Казаков өзүнүн жогорку баасын берди.