Жумушчу жолугушуулар

24 Июля 2017

МИК республиканын бардык аймактарында жумушчу жолугушууларды өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015 2020” программасын натыйжалуу жүзөгө ашыруунун алкагында “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун кызматкерлери жакында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана өнөктөш коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен аймактарда жумушчу жолугушууларын өткөрүп кайтышты. Бул иш-чаранын башкы максаты- МИК иш-аракети тууралуу калкка кабарлоо, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик ипотекалык турак жай  насыялоо тууралуу” жана “Ипотекалык баалуу кагаздар тууралуу” мыйзамдарынын мазмунун  ипотекалык насыялоо ишине катышып жатышкан  уюмдар жана мекеме жетекчилери менен бирге талкуулоо. 

Кепилдик тууралуу талаптардын жок экендиги, учурда иштелип чыгуу алдында турган базалык чен жана ага карата колдонулуучу  коэффициенттер тууралуу маанилүү маселе жолугушуу учурунда талкууга алынды. Жолугушуунун көпчүлүк катышуучулары пландаштырылып жаткан ипотекалык күрөөлүктү чыгаруу, аларды каттоо жана андан ары эсепке алуу максатына кызыгуу менен карашты. Бул жерде бул ипотекалык күрөөлүк биздин өлкөдө биринчи жолу  колдонула тургандыктан, мыйзам актыларын макулдашуу көп убактытты талап этип жатканын белгилеп кетүүгө туура келдүүдө.

Ошондой эле, катышуучулар контрактык аманат системасына жана “Турак жай аманат кредиттик компания” жабык акционердик коомун түзүүгө кызыгып жатышкандарын билдиришти. Программаны жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө катышуучулар өздүк салымдын тиешелүү суммасын чогултуу кыйынчылыгына дуушар болуп жатышканын маалым болгон. Мына ушул  абалды жана  ипотекалык насыялоонун  дүйнөлүк топтолгон тажрыйбаларын эске алуу менен МИК  “Контрактык турак жай аманат” – жаңы ипотекалык насыялоо механизмин иштеп чыгып жатканын белгилеп кетүүгө туура келүүдө.  

Жаңы механизм алкагында жарандар адагенде белгилүү бир каражатты топтоо менен аларды андан ары турак жай сатып алууга  пайдаланышат. Сунушталып жаткан “Контрактык турак жай аманат” жаңы механизмин өнүктүрүп кетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атайын лицензиясы менен иштей турган уюмду негиздөө зарыл. Ошондуктан азыркы учурда Экономика министрлиги тарабынын анын институт катары орун алышы боюнча маселе каралып жатат.

МИК өкүлдөрү банктардагы ички жол-жоболор, пайыздык чендер жана күрөө менен камсыз болуу,  алына турган турак жай стандарттары,  пайыздарды төлөө графиги боюнча суроолорго так, түшүнүктүү жооп беришти.

              

МИК тарабынан өткөрүлгөн жумушчу жолугушуулардын жыйынтыгы,  анда айтылган сын пикирлер жана сунуштар  МИК өз иш-аракетинде,  өнөктөш банктар,  тиешелүү ведомстволор жана  уюмдар менен өзара иш алып барууда тиешелүү чараларды көрүүгө, ипотекалык насыялоонун  ар кандай механизмдерин  иштеп чыгууда  калктын  кызыкчылыгын эсепке алууга жана бүтүндөй алганда Программанын катышуучулары дуушар болуп жаткан көйгөйлөрдү өз учурунда  чечүүгө өзгөчө өбөлгө болот.