Курулуш

01 Августа 2017

МИК өз турак жай фондун  эконом-класс үлгүсүндөгү үйлөрдү куруу аркылуу түптөйт

Жарандарды турак жай менен камсыздоо жана  өзүнүн турак жай фондун түптөө максаттарында, МИК жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (ЖМА) менен тыгыз кызматташуу аркылуу,  республикабыздын  бардык областтык борборлорунда  эконом-класстагы  көп батирлүү турак жайларды куруу алдында турат.

Нарын областында үй курууга курулуш компанияларын тандап алууга  экинчи жолу өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында, ЖЧК «МИНУР» курулуш ишканасы жеңүүчү деп табылып, учурда алар менен келишим түзүү иштери жүрүп жатат.

Азыркы учурда Баткен, Жалал-Абад жана Талас шаарларында  5 кабаттуу, 3 подъездүү жана 60 батирлүү үйлөрдүн курулушун долбоорлоо-сметалык документациялары даярдалып калды.

Жалал-Абад областында курулуштун  долбоорлоо-сметалык документациялары боюнча айрым кемчиликтерди четтетүү менен, курулуш ишканаларын тандоо үчүн тендер жарыялоо даярдыгы жүрүүдө.

Ал эми Баткен областында пландалып жаткан турак жай  курулушу үчүн  сырткы туташтыруу жабдуулар долбоорун ЖЧК “Колизей” долбоорлоо уюму  иштеп  жатат.

Талас областы боюнча алып караганда, үйдү курууга курулуш  уюмун тандоо тууралуу тендер  долбоорлоо документацялары толук такталгандан кийин өткөрүлөт.

Ош шаарында  көп батирлүү  үйдү куруу маселеси азыркы учурда талкууланууда жана шаар мэриясынын жетекчилери менен бирдикте долбоорлоо документтерин даярдоо тууралуу иштер жүргүзүлүүдө.

Республикабыздын ар бир областтык борборунда курула турган жаңы 5 кабаттуу турак жайлар 60 батирлүү болот, алардын 30 эки бөлмөлүү жана 30 бир бөлмөлүү. Курулуш иштери жаңы технологиялардын негизинде  сапаттуу материалдарды пайлдалануу менен бүткөрүлөт.

Турак жайлар бышык кыштардын кыналышы жана базальт буласы аркылуу жылуулуктун сакталышы менен монолиттүү темир бетон каркастарынан курулат. Аймактардын тоолуу жана дагы башка географиялык жагдайларын эске алуу менен сейсмокырдаалдарга туруштук бере алуу сапаты өзгөчө талап кылынат.

МИК, өз кезегинде, курулуш иштеринин аткарылуу жана энергоэффективдүү материалдардын пайдаланылуу сапатына  кылдаттык менен көз салып турат.

Буга чейин МИК тарабынан маалымдалгандай, Бишкектеги “Тунгуч” кичи шаарчасында  9 кабаттуу 135 батирлүү  үйдүн курулушу каралган.  Жакында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба  агенттигинин алдындагы  Турак жай жарандык курулуш департаменти (Департамент) аталган үйдү курууга курулуш ишканаларын тандоо боюнча  Мамлекеттик сатып алуулар порталына сынак жарыялады. Сынакка катышкандар 2017-жылдын 8-августунда билинет.

Бул объекттин курулушун каржылоо МИК аркылуу ишке ашырылат. Ал эми  каржылоо булактары – Карыздык милдеттенмеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бөлүнүп бериле турган  бюджеттик ссудалар жана МИКтин өздүк каражаттары.

Бүтүндөй алганда,  МИК 2020-жылдын аягына чейин 130 миң чарчы  метр  турак жай куруу ниетинде, демек, бул Программанын катышуучуларына МИКтин турак жай фондунан алгылыктуу баада турак жайларды сатып алууларына мүмкүндүк берет.

Курулушту баштоо иши менен алектенүүдөн улам, мындай курулуш ишинде мыйзам талаптарын толук сактоо үчүн  бир катар тактоолор,  бардык катышуучу уюмдар ортосунда макулдашуулар  талап этилип жатканын айта кетүүгө туура келдүүдө. Анткени, Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгон учурдан тарта, жалпысынан, ипотекалык насыялоо жана ипотека шартында турак жайларды куруу биринчи жолу башталып жатканын эске тутуп коюу зарыл экен.

Албетте, мындай болгон соң, МИК  аймактарда инфраструктуранын оңолушуна салым кошуп, эконом-класс үлгүсүндөгү турак жай курулушунун жана өз республикабыздын жарандарынын турак  жай маселелерин чечүүнүн башында татыктуу колдоочулардан болуп калууга даяр ишканалар менен кызматташууга өтө кызыкдар.

Ушуга байланыштуу, МИК  ар бир курулуш объекти боюнча иштин жүрүшү тууралуу маалыматты убагында таратып турат. Андыктан, биздин сайттагы жаңылыктар сиздердин көз жаздымыңыздарда калбасын деп айтаар элек.