Каржылык кызматташуу

24 Июля 2017

Бишкекте элет жерлеринде ипотекалык насыялоо үчүн Турак жай каржылоо программасынын бет ачар аземи болуп өттү

2017-жылдын 24-июлунда “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана KfW немец өнүктүрүү банкы менен  бирдикте Кыргыз Республикасында  Турак жай каржылоо программасынын бет ачар аземин уюштурушту.

Бишкектеги «Орион» мейманканасында өткөрүлгөн бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков, «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК башкармасынын төрагасы Бактыбек Шамкеев, Германия  Федеративдик Республикасынын (ГФР)  Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы  Касьен Онезорге,  KfW өкүлчүлүгүнүн директору Томас Эдгар Леманн, өнөктөш банктардын жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

МИК маалыматы боюнча, ушул жылдын  июль айында Кыргыз Республикасынын атынан Финансы министрлигинин жана KfW немец өнүктүрүү банкынын ортосунда Каржылык кызматташуу тууралуу келишимге кол кюлган. 

Июль  айында кол кюлган  келишимге ылайык  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын элет жерлеринде ипотекалык насыялоону өнүктүрүүгө 11 млн. евро  каражаты менен  Турак жай каржылоо программасы башталат жана анын ичинен 10.5 млн. еврону ийгиликтүү өздөштүрүү МИКтин  уставдык капиталынын өсүшүнө алып келет. Натыйжада  МИК тарабынан ипотекалык насыялоонун кеңейишине дагы шарт түзүлөт.

Бул каражаттар аркылуу «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК «Жеткиликтүү ипотека»  багыты боюнча  5ке жакын финансы мекемелерин каржылайт. Ал эми, финансылык институттар улуттук валютадагы карыздык каражаттарды Бишкек жана Ош шаарларын эсепке албаганда, республиканын бардык аймактарында кирешелери төмөн жана орто денгээлдеги үй-бүлөлөрдүн жеке турак жайларды куруулары же биринчи рынокто турак жайларды сатып алууларына ипотекалык насыяларды берүүгө жумшайт.

  

Бул Турак жай каржылоо программасы Германия экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча  Федералдык министрликтин  каражаты менен KfW немец өнүктүрүү банкы аркылуу каржыланат. Германия Федералдык Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда 1992-жылдан бери  эки тараптуу финансылык жана  техникалык кызматташуунун чегинде бөлүнүп берилген каражаттардын жалпы суммасы дээрлик 345 млн. еврону түзүүдө.

Байгончоков М., Шамкеев Б., Онезорге К.,  Томас Леманн сүйлөгөн сөздөрүнөн кийин  Турак  жай каржылоо программсынын 1-фазасы тууралуу кеңири маалымат берилди. Соңунда МИК жана  KfW өкүлдөрү катышуучулардын  суроолоруна жооп беришти.

Аталган программа тууралуу толук маалымат менен жакын арада таанышууга болот.

 Маалымат үчүн

KfW немец өнүктүрүү банкы өнүгүп келе жаткан жана өткөөл экономикадагы өлкөлөргө долбоорлорду инвестициялоого, ошондой эле долбоорлорду жүзөгө ашырууга байланыштуу кеңеш берүү кызматын каржылайт. Германия экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча Федералдык министрликтин тапшырмасы боюнча иш алып барат жана  өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн калкынын экономикалык жана социалдык абалын олуттуу жакшыртууга жетишүү максатын көздөйт.   Банк Финансылык кызматташуу боюнча өз иш-аракетин бүткүл дүйнөдө жакырчылыкты кыскартуу, табигый ресурстарды  коргоо жана тынчтыкты камсыз кылуу аракеттерине көмөктөшүп турат.