МИК - 2 ЖЫЛ!

17 Июля 2017

МАМЛЕКЕТТИК ИПОТЕКАЛЫК КОМПАНИЯГА 2 ЖЫЛ!

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2015-жылдын 15-июлундагы Токтому менен  «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ачык акционердик коому (МИК)  уюшулган.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы Токтому менен  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай – 2015-2020” Программасы  (Программа) бекитилген.

Негизги акционери (акциялардын 100%) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фонду.

МИК Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн механизмдерди иштеп чыгуу жана шарттарды түзүү максатын учурда жүзөгө ийгиликтүү ашырып жатат.

Азыркы учурга карата каржылоонун негизги булагы болуп МИКтин 310 млн. сом суммасындагы уставдык капиталы саналат жана МИК менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосунда карыздык милдеттенмелер тууралуу келишимге ылайык, МИК  ипотекалык насыяларды берүүгө 1,550 млрд. сом акча  каражатын алган.

Программанын алкагында МИК тарабынан иштелип чыккан “Даяр турак жайды сатып алуу” жана “Жеке турак жайды куруу” механизмдеринин чегинде  бүгүнкү күндө 1427 жаран турак жайлуу болуп, насыянын жалпы суммасы 1,7 млрд сомдон ашууда.

Кыргызда укмуштуудай бир философия бар – “Беш кол бирдей эмес”. Демек, жашоо-турмушубуз, андагы муктаждыктар да ар кандай экенине МИК иш-аракетин жүргүзүп жатып, дагы тереңирээк көңүлүбүз бурулуп жатат. Тактап айтканда, жарандарыбыздын турак жайга болгон ар кандай муктаждык маселелерин дароо эле чечип коюу оңойго турбагандыгын да айта кетүүнү туура көрүп жатабыз. Бирок, буга карабай, МИК учурда өз иш-аракетин 4 багытта улантууда:   кайра каржылоо, ипотекалык баалуу кагаздарды иштетүү, эконом-класстагы турак жайларды куруу жана ссуда-сактык аманат кассасын ишке киргизүү. 

Мына ушул учурдун урматына Кыргызстанда алгачкы жолу ипотекалык насыялоону колго алып, жүзөгө ашырууга саясый жана экономикалык чечим кабыл алышкан мамлекеттик жетекчилерге, бул ишти кошо жүргүзүүгө кол кабыш көрсөтүп жаткан тиешелүү мамлекеттик органдардын, өнөктөш банктардын, маалымдоо каражаттырынын, жарандык коомдун өкүлдөрүнө жана МИК жамаатына терең ыраазычылык билдирип, жарандарыбыздын турак жайга ээ болуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууда кажыбаган кайрат,  тынбаган аракет, эбегейсиз ийгиликтерди каалап кетемин!  

Барыңыздарды терең урматтоо менен,

“МИК” ААК башкармасынын төрагасы Шамкеев Бактыбек Абылкасымович.

 

// // //