Пресс-релиз

23 Июня 2017

МИКте ипотекалык насыялоо тармагынын учурдагы кырдаалы талкууланды

2017-жылдын 23-июнунда Экономика министрлигинин конференцзалында  “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК, Юстиция министрлигинин, Мамлекеттик каттоо, Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматтарынын жана өнөктөш банктардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрүлдү. Мында ипотекалык күрөөлүктү иш жүзүндө колдонуу,  Ипотекалык баалуу кагаздар жана  ипотекалык турак жай насыялоо тууралуу жаңы мыйзамдардын иштөө жол-жоболору, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларынын тизмелерин тариздөөгө тиешелүү маселелер каралды.

МИК төрагасы Бактыбек Шамкеев белгилегендей, МИКтин  ипотека рыногун өнүктүрүү жана калктын  өз турак жайларын сатып алууга  карата мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга багытталган иш-аракети  максаттуу жана ырааттуу жүргүзүлүп жатат.  Алдыда турак жайды андан ары сатып алуу менен ижарага алуу, контрактык турак жай аманат, жашоо-турмуш шарттарды жакшыртууну камтыган жаңы механизмдерди жүзөгө ашыруу турат. Ошондой эле, күрөө катары ипотекалык баалуу кагаздарды  жана  эконом-класс турак жайларынын курулушун өнүктүрүү иштери өнүгөт. Кыргызстандын фондулук рыногунда ипотекалык  күрөө аталышындагы жаңы баалуу кагаз иштей баштайт.

МИК кызматкери  Мээрим Төрөгелдиева  түшүндүрүп кеткендей, ипотекалык күрөө (баалуу кагаз түрүндө) карыз алуучу тарабынан чыгарылып, банкка ипотекалык насыяны алууда берилет.  Андан ары банк бул күрөөлөрдү МИКке өткөрүп берип, берилген насыя үчүн кайра каржылоо алат. МИК ипотекалык күрөө менен камсыз болгон ипотекалык баалуу кагаздарды чыгарып,  аларды инвесторлорго  сатып, түшкөн финансылык каражаттарды   МИК  менен иштеп жатышкан өнөктөш банктарга жаңы насыяларды берүү үчүн жөнөтөт.

Катышуучулар Кыргыз Республикасынын  “Ипотекалык баалуу кагаздар тууралуу” колдонуудагы мыйзамын талкууга алышты.

Юстиция министрлигинин өкүлдөрү кол тамгаларды тастыктоодо мамлекеттик нотариустардан тышкары, жеке менчик нотариустардын катышуулары үчүн дагы уруксат берүү сунушун айтышты.

Банктардын өкүлдөрү мыйзамдын тиешелүү пунктун күрөөнү көзкарандысыз баалоочу баалай тургандай өзгөртүү менен толуктоо сунушун айтышты. Алардын пикири боюнча, банктардын өздөрүнүн баалоочуларын да ишке тартуу зарыл.  Анткени, бул МИКке ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруудагы чыгымдарды кыскартуусуна мүмкүндүк берет.

Ипотекалык күрөөнү пайдалануу – бул дүйнөлүк тажрыйба,- деди Бактыбек Шамкеев.  Бул маселе тууралуу тиешелүү  маалымат- түшүндүрүү иштерин жакында Кыргызстандын бардык аймактарында алып барабыз. Бул иште, албетте, сиздердин жардамга таянабыз, анткени ушул жылдын сентябрь айында биринчи жолу чыгарыла турган ипотекалык баалуу кагаздар үчүн ипотекалык күрөөлөрдүн пулдарын топтого тийишпиз, -деп банкирлерге кайрылды  МИК жетекчиси.

         

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыялоо”  мыйзамынын мазмуну туралуу МИК кызматкерии Искендер Самыкбаев айтып берди.  2017-жылдын 4-майында кабыл алынган бул мыйзамда Программанын негизги жол-жоболору камтылган. Мыйзамда турак жай насыялоо, калктын турак жайга жеткиликтүүлүгү, турак жай курулушун өнүктүрүү тууралуу негизги жоболор жана башка ченемдер көрсөтүлгөн.

Банкирлер жаңы мыйзамда кепилдик (поручительство) тууралуу пункттун жок экендигине көңүл бурушту.  Банктар үчүн бул негизги  пункт болуп эсептелет, анткени, алар ансыз деле жетиштүү болуп жаткан тобокелдиктерге дуушар болбоо аракетин көрүшөт. 

Катышуучулар мамлекеттик ипотекны камсыздандырууга Мамлекеттик камсыздандыруу коомун дагы тартуу зарылчылыгын белгилеп кетишти.

МИКтин кызматкери Амантур Омуров катышуучулар боюнча  тизмелерди тариздөө, тандоодогу өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди. Тизмелер ар кандай, анын ичинде,  жергиликтүү бийлик органдарынын тиешелүү кызматкерлери тарабынан толук эмес даярдыкта келген себептерден улам бир нече жолу алмаштырууга дуушар болгон. “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоо боюнча убактылуу жобого өзгөртүүлөрдүн долбоору МИК тарабынан даярдалган, бул боюнча маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн www.gov.kg сайтынан таанышууга болот,- деди А. Омуров. Мындан ары МИКтин сунушуна ылайык тизмелер жергиликтүү мамлекеттик администрация менен биргеликте  ар бир айдын 10на чейин даярдалып бүтөт.

Иш соңунда  өнөктөш банктардын өкүлдөрү МИК дарегине кызматташтык үчүн  ыраазычылык билдиришти.  Тобокелдиктер азайчудай эмес, иш барган сайын татаалдашууда, бирок биз жарандарыбыздын дээрлик көпчүлүгү өз турак жайларына ээ болуп калуулары үчүн кызматташуубузду мындан ары дагы күчөтүүгө даярбыз,- дешти банкирлер.

          

 

 

// // //