Пресс-релиз

14 Июня 2017

Ипотеканын жөнөкөй жарандарга жеткиликтүү болушу тиешелүү мамлекеттик структуралардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын биргеликте иштөөлөрүнөн көз каранды!

2017-жылдын 9-июнунда Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиевдин жетекчилиги астында Мамлекеттик турак жай программасынын маселелерин координациялоо боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын (ВАК) кезектеги отуруму болуп өттү.

«Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААКнун (МИК) Башкармасынын төрагасы  Шамкеев Бактыбек “Арзан турак жай 2015-2020” программасына (Программа) ылайык, 1237 жаран ипотекалык насыянын чегинде турак жайлуу болуп, жалпы суммасы 1,5 млрд.  сомдон ашканын айтты.

Азыркы учурга карата каржылоонун негизги булагы болуп МИКтин 310 млн. сом суммасындагы уставдык капиталы саналат жана МИК менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосунда карыздык милдеттенмелер тууралуу келишимге ылайык, МИК  ипотекалык насыяларды берүүгө 1,35 млрд. сом акча  каражатын алган.

Ошондой эле МИК  эларалык фонддордон узак мөөнөттүү карыздык каражаттарды  тартууну каржылоо булагы катары карайт. Ушундай каражаттарды тартуу максатында, МИК 2015-жылдын декабрь айында  KfW немец өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү баштаган жана айыл жерлеринде жана чакан шаарларда ипотекалык насыялоо долбоорун баштоо үчүн 11 млн. евро суммасындагы каражатты  бөлдүрүү келишимин бекитүүгө иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Ошондой эле МИКти негиздөөдөгү максаттарда көрсөтүлгөндөй эле, Кыргыз Республикасынын “Ипотекалык баалуу кагаздар тууралуу”  мыйзамына ылайык, рынокто социалдык фонд, коммерциялык банктар жана камсыздандыруу компаниялар сыяктуу институционалдык инвесторлордун бош турган каражаттарын  топтоо иши колго алынат. Мына ушул максатта, 2017-жылга карата иш план боюнча ипотекалык баалуу кагаздарын чыгарып, аларды сатуудан 600 млн. сом суммасында акча каражатын табуу аракети жүрүп жатканын кошумчалап кетти,- МИК жетекчиси.

Кыргыз Республикасынын турак жай фондун көбөйтүү максатында, МИК жергиликтүү мамлекеттик органдар менен тыгыз иш алып барууда жана бул багытта  эконом-класс турак жайларды курууга киришүүдө. Атап айтсак,  МИК 2017-жылдын 17-майында Нарын шарында көп батирлүү эконом-класс турак жайларды курууга курулуш компанияларын тандап алуу үчүн тендер жарыялаган. МИК тарабынан Нарын шарында көп батирлүү эконом-класс турак жайлардын курулушу Кыргыз Республикасынын аймактарында көп батирлүү мындай турак жайларды курууну өнүктүрүү жолундагы алгачкы кадамдардан болуп калат. Ошондой эле,  мындай турак жайларды өлкөбүздүн башка аймактарында да куруу жакынкы учурларга пландаштырылып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Отурумдун жүрүшүндө Биринчи вице-премьер-министр  Мухамметкалый Абулгазиев жарандарды турак жай менен камсыз кылууда жана ипотекалык насыялоо тутумун негиздөөдө МИК тарабынан олуттуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгилеп кетти. Ошол эле учурда, турак жай маселесин чечүүдөгү социалдык көйгөйдү эске алуу менен, насыянын жөнөкөй жарандарга жеткиликтүү болушуна шарттарды жеңилдетүү МИКтен гана көз каранды эмес экенин, бул үчүн тиешелүү мамлекеттик органдрардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бирдиктүү, комплекстүү иш алып баруу зарылдыгы курч турганына токтолду.

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү Программанын аткарылышынын жүрүшүн жана аны андан ары жүзөгө ашыруу чараларын карап, талкуулап, бир катар маселелерди тез арада аткарууга милдеттерди  коюшту:

Ипотекалык насыялоону жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыялоо тууралуу” мыйзамына ылайык келтирүү;

МИКтин иш-аракети ийгиликтүү улантылышы үчүн  кошумча каржы ресурстарын тартууга эл аралык  каржы уюмдары менен иш алып барууну күчөтүү;

социалдык жактан корголбогон жарандар үчүн ипотекалык насыялардын пайыздык чендерин субсидиялоо (каржылоо) маселесин карап чыгуу;

тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге ипотекалык баалуу кагаздарды чыгарууга көмөктөшүү;

Программага катышуу шарттары жана мүмкүнчүлүгү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин мезгил - мезгили менен жүргүзүү;

Эконом-класстагы турак жайларды курууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жер тилкелерин бөлүп берүү.

 

Маалымат үчүн:

Белгилүү болгондой, МИК тарабынан берилип жаткан насыянын суммасы 3 млн. сомго, 15 жылдан ашпаган мөөнөткө чейин.

Пайыздык чендер “Даяр турак жайды сатып алуу” механизми боюнча жылдык 10-12%.  Ал эми “Жеке турак жайды куруу” механизми боюнча насыянын пайызы 18 айды камтыган курулуш  учурунда,  алгачкы төлөмдү төлөө шартында  жылдык - 14 пайыз,  ал эми курулуш аяктап, колдонууга кабыл алгандан кийин жылдык -10 пайызды түзөт.

МИКтин иш-аракети тууралуу толук маалыматты  расмий сайттан алууга болот www.gik.kg,  телефондору: (312) 62-14-34, (3222) 2-11-16.

 

 

// // //