Маалымат үчүн

22 Мая 2017

Урматтуу “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучулары!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө Убактылуу жобонун 21-пунктуна ылайык, “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК (МИК) расмий сайтында тизмелер жарыяланган учурдан тартып, бир жыл ичинде катышуучулар ипотекалык насыялоонун чегинде өнөктөш банктардын кароосуна тиешелүү документтерди берүүгө укуктуу, мында катышуучу МИКке  өзүнүн арыз  бергендиги тууралуу  маалымат берүүгө тийиш.

Жогоруда айтылганга ылайык, 2016-жылдын 20-майында бекитилген жана МИКтин расмий сайтында жарыяланган тизмелер  жараксыз деп кабыл алынат.

Ипотекалык насыя алууга МИК менен иштеген өнөктөш банктарга белгиленген мөөнөт ичинде арыз менен кайрылууга жетишпей калган катышуучулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө” убактылуу жобонун талаптарына ылайык, жашаган орду боюнча шаар мэриясына (Бишкек шаарын кошпогондо)  Бишкек шаардык мэриясынын административдик район боюнча муниципалдык администрациясына же жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга турак жай маселеси боюнча комиссиянын кароосу арыздарды кайрадан бере алышат.

Бул боюнча суроолор келип чыккан учурда МИКтин коомдук кабылдамасына: (312) 62 14 34, 0550 31 92 22, 0772 54 97 90 телефондору аркылуу чалууга же МИК башкы офисине Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106 (Тыныстанов көчөсү менен кесилиште), Ош шаарындагы өкүлчүлүккө Ош шаары, Ленин көчөсү, 318 даректери,  (3222) 2 11 16 телефону боюнча кайрылууга же МИКтин  www.gik.kg расмий сайтына (Байланыш үчүн) суроо калтырууга болот.

// // //