Тендер тууралуу жарыя

19 Мая 2017

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” Программасын ишке ашыруу алкагында, Нарын шаарында көп кабаттуу эконом-класстагы үйдү куруу максатында, курулуш компанияларды тандоо боюнча тендер жарыялады. Нарын шаарынын тургундары биринчилерден “Арзан турак жай 2015-2020” Программасын ишке ашыруу алкагында курулган батирлердин бактылуу ээлери болот.

Жаңы үйдө 60 батир пландаштырылган: 30 бир бөлмөлүү жана 30 эки бөлмөлүү батирлер. Курулуш компаниялардын тандоосунда негизги талаптардын бири – жогорку сапаттуу курулуш материалдардын колдонулушу. Үйдүн курулушунда заманбап технологиялар колдонулат. Үй бышык кыш менен толтурулган туюк темирбетон каркас менен тургузулат, тышкы жасалгалоо эффективдүү жылуулукту сактаган материалдардан иштетилмекчи. Үй тоолуу аймакта жайгашкандыктан сейсмикалык туруктуулугуна өзгөчө көңүл бурулган.

Нарын шаарындагы көп кабаттуу үйдүн курулушу Кыргыз Республикасында эконом-класстагы курулуштун өнүгүүсүндө “МИК” ААКнун биринчи кадамы болот. Келечекте “Арзан турак жай 2015-2020” Программасын ишке ашыруу алкагында өлкөбүздүн башка аймактарында да көп кабаттуу үйлөр тургузулат.

Бүгүнкү күнү 1100 ашуун үй-бүлөлөр “Арзан турак жай 2015-2020” Программасы аркылуу өз үйлөрүнүн ээлери болушту.

Тендердик жарыя расмий http://zakupki.gov.kg порталында жарыяланды.

// // //