МИК 1000-насыяны берди

13 Апреля 2017

“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААКда мыкты жетишкендик -1000-насыя берилди

2017-жылдын 13-апрелинде, саат 10.00дө Экономика министрлигинин конференц-залында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын  чегинде “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” (МИК) ачык акционердик коому тарабынан  1000-насыяны берүүгө байланыштуу иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чараны Кыргыз Республикасынын экономика министри Кожошев Арзыбек Орозбекович ачып, Кыргызстанда ипотека ишинин ийгилитүү жүрүп жатканына токтолуп, 1000-насыяны алган жаранга насыя сертификатын тапшырды. Ошондой эле иш-чарада МИКтин, БТА банкынын, “Эьдорада” компаниясынын өкүлдөрү сөз сүйлөшүп, насыя ээсине өз белектерин тапшырышты.

1000-насыяны алуу бактысына билим берүү тармагынын кызматкери Бишкек шшарынын тургуну Балбаева Айнагуль Токтосуновна  өз турак жайлуу болду. Насыя МИК менен өнөктөш катары иштеп жаткан “БТА банк” ЖАК тарабынан берилди.

МИК өзүнүн иш-аракетинде ушундай урунттуу учурларга  дал келип калган насыя алуучуларга кызыктыруу белегин берүү тажрыйбасына ээ болуп келе жатат.  Мисалы, буга чейин МИК тарабынан берилип жаткан насыянын 1 млрд. сом суммасын Бишкек шаарындагы мектептердин биринде иштеп жаткан англис тили мугалими Сайкал Садирова насыя алуу менен толуктаган. Бул  жетишкендик белгиленген аземде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков ипотекасы 1 млрд. сомду толуктаган катышуучуну- куттуктап, ага өз колу менен ипотекалык сертификат тапшырган жана МИК жетекчилиги тарабынан ага  кызыктыруучу белек да берилген.  Ал эми бүгүнкү 1000-насыя ээсине “Эльдорадо”компаниясынын өкүлдөрү демөөрчүлүк  менен баалуу белектерди тапшырышты.

    

            Кыргызстанда жарандардын турак жай маселесин чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан биринчи жолу саясый жана экономикалык кадам шилтенгенин баса белгилеп кетүүгө болот. Атайын “Арзан турак жай 2015-2020” программасы иштелип чыгып, кабыл алынuган. Ал эми, аталган Программаны аткаруу боюнча Мамлекеттик Ипотекалык Компания уюшулуп, иштеп жатат. Белгилүү болгондой, МИК тарабынан  алгачкы насыя берилген 2015-жылдын  март айынан тартып, бүгүнкү күнгө карата 1000-насыя берилип, жалпы суммасы  1 218 476 403,00 сомго жетти.  Бул көрсөткүчтү биздин өлкөнүн экономикасында кыска убакыттын ичиндеги дурус жетишкендик катары кароого болот.

МИК тарабынан каржыланып жаткан акча каражаты - Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен 2,5 млрд суммасында бөлүнгөн бюджеттик  ссуданын 1 млрд. сомдон ашыгы натыйжалуу өздөштүрүлдү.  Бул ссуда МИКке 10 жыл мөөнөтү менен жылдык 3 пайызда берилип жатат. Демек, МИК бул каражаттарды пайызы менен мамлекеттик бюджетке толук кайтарып берет дегендик.

МИК тарабынан азыркы учурда 2 механизм ишке ашырылып жатат. Алар: “Даяр турак жайды сатып алуу” жана “Жеке турак жайды куруу”.

МИКтин өзүнүн турак жай фонду жок, ошондуктан биринчи механизм боюнча Программанын катышуучулары  рыноктон өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша турак жайларды сатып алып жатышат. Ал эми 2-механизм боюнча жер үйлөрдү курууга насыя алышууда. Насыялардын пайызы адегенде жылдык 12-14 пайыз болсо, көптөгөн жарандардын суроо талаптарын эске алып, Өкмөттүн тиешелүү чечими менен аларды 10-12 пайызга чейин  төмөндөтүүгө жетиштик.

Ипотекалык насыялар МИК менен өнөктөштүктө иштешип  жаткан 12 банк аркылуу берилип жатат. Азыркы учурда насыялар артыкчылык коюлган бюджеттик мекемелерде иштегендерге берилип жатат. Статистикалык көрсөткүчтөр ипотекалык насыялоо арымынын алга жылып жатканын көрсөтүүдө. 

 

Башка структураларда, анын ичинде коммерциялык  ишканаларда иштегендерге ипотекага жеткиликтүүлүктү кеңейтүү тууралуу  МИК тарабынан немец KfW  банкынан жана  башка инвесторлордон  инвестиция тартуу аракетин көрүүдө. 

Жакынкы учурларда немец  KfW банкы менен  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосунда 11 млн. евро  берүү тууралуу келишимге кол коюу күтүлүүдө. Бул тиешелүү жол-жоболор аяктагандан  кийин ишке ашат жана Бишкек жана Ош шаарларын кошпогонло,  Кыргызстандын бардык аймактарында ипотекалык насыялоону улантуу үчүн багытталат.

МИК тарабынан берилип жаткан насыянын суммасы 3 млн. сомго, 15 жылдан ашпаган мөөнөткө чейин.

// // //