Мыйзам долбоору

30 Марта 2017

Жарандарды ипотекалык турак жай менен камсыз кылуу ишин жөнгө салуу чаралары сунушталды

30-03-2017 11:32

Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан жарандарды арзан турак жай менен камсыз кылуу ишин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечилердин бири депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору жарандардын турак жайга ээ болуу укугун жүзөгө ашырууга, жарандардын турак жай шарттарын жакшыртууга, турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, турак жай курулушун өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи. Кабыл алынган санитардык ченемге ылайык, ар бир адамга аянттын өлчөмү 12 чарчы метрден кем эмес болууга тийиш.

“Өткөн жылы Өкмөт «Арзан турак жай – 2015-2020» программасын кабыл алган, Азыр аны ишке ашыруу милдети турат. Ошондон улам, бул мыйзам долбоору менен мамлекеттик ипотекалык насыялоонун төмөнкү стандарттарынын механизмин – пайыздык ставканы жылына 10 пайыздан ашык эмес, 15 жылдан кем эмес насыялоо мөөнөтү менен, алгачкы төгүмдү сатып алынуучу турак жайдын наркынын 10 пайызынан кем эмес өлчөмдө киргизүү сунуш кылынат”, - дейт баяндамачы.

Демилгечилер адегенде ипотекалык насыялар боюнча алгачкы төгүмдү же пайыздык коюмду субсидиялоо үчүн жыл сайын бюджеттен 1 млрд сомдон кем эмес каражат бөлүү жөнүндөгү ченемди сунуш кылганы белгилүү болду. Бирок, Өкмөттүн өтүнүчүнөн улам, бюджеттен 1 млрд сом кароо талабы мүмкүнчүлүгүнө жараша каражат кароо жобосу менен алмаштырылган.

Өкмөттүн өкүлү мыйзам долбоорун колдой турганын билдирди. Ал ипотекалык насыялар боюнча алгачкы төгүмдү же пайыздык ставканы субсидиялоо үчүн 2017-жылы 1 млрд сом каралып жатканын, ал эми андан аркы жылдары бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша каражат бөлүнүп турарын белгилеп, турак жай менен биринчи кезекте бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер камсыз кылынарын кошумчалады.

Айрым депутаттар мугалимдер менен дарыгерлердин азыркы маянасы менен ипотекалык турак жай менен камсыз кылуу маселесин биржаӊсыл чечүү мүмкүн эмес экенин билдирип, ипотекалык турак жайдын алгачкы төгүмү менен пайыздык төлөмүн төмөндөтүү чараларын сунуштады. Өкмөт өкүлү бул маселе боюнча иштиктүү чаралар көрүлө турганына ынандырды.

http://kenesh.kg/ky/news/show/2619/rassmotren-zakonoproekt-o-gosudarstvennom-ipotechnom-zhilishtnom-kreditovanii-v-tretyem-chtenii

КР ЖК Басма сөз кызматы

// // //