Урматтуу кыргызстандыктар!

22 Февраля 2017

Баарыңыздарды Ата мекенди коргоо күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Бул күндүн тарыхый мааниси, орду биз үчүн өтө баалуу! Анткени, бул күн Мекенибизде тынчтык өкүм сүрүп, элибиздин жыргал турмушта жашоосуна эр-азаматтардын кажыбаган кайратынын, талыкпаган күрөшүнүн жемишин даңзалап турат!

Ар бир үй-бүлөнүн бактысы, жалпы Мекендин гүлдөп өсүп-өнүгүп турушу  өз уулдарынын, азаматтарынын мыкты сапаттар менен айкалышкан зор колдоосуна, тирегине тике байланыштуу.

Урматтуу мырзалар, сиздерге бекем ден-соолук, иш ийгиликтерин, Мекенди көз карегиндей коргой турган улуу сезимдердин уюп турушун  каалаймын!

 

“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасы

 

Шамкеев Бактыбек Абылкасымович

// // //