Пресс-конференция

20 Февраля 2017

МИКтин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын  чегинде калкты ипотекалык насыялоо иш-аракети ийгиликтүү уланууда.

2017-жылдын 20-фервалында  «Кабар» маалымат агенттигинде  «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» (МИК) ачык акционердик коому жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда пресс-конференция өткөрдү.

Пресс-конференцига МИК тарабынан төрага Бактыбек Шамкеев,  төраганын орун басары Нуржигит Усенакун уулу, продукттарды иштеп чыгуу жана сатып алуу бөлүмүнүн башчысы Фархад Ибраев катышты.

МИК төрагасы Бактыбек Шамкеев Кыргызстанда жарандардын турак жай менен камсыз болуу маселеси  жогоруда аталган Программанын алкагында, аны ишке ашыруу үчүн түзүлгөн МИК тарабынан чечиле баштаганын белгилеп кетти. МИКтин иш башында мыйзам базаларын иштеп чыгып, МИКтин азыркы иш-аракетин жөнгө салуучу колдонудагы айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, жаңылары кабыл алынды.  

МИК Кыргызстандын бардык аймактарында калкка ипотекалык насыялоо боюнча иш-аракетти алдыга арымдуу жылдырууда, атап айтканда,  азыркы учурда “Даяр турак жайды сатып алуу” жана “Жеке турак жайды куруу” -  2 механизмин ишке ийгиликтүү ашырып жатат. 2015-жылдан бери иштеп  келе жаткан МИК биринчи насыяларды 2016-жылдын март айынан бере баштаган. Россиянын Ипотека турак жай насыя агенттигине (АИЖК) же кошуна өлкө Казакстандын ипотекалык компаниясына (КИК) салыштырганда биздин иштин ылдамдыгы жогору. Анткени алардын  компанияларынын түзүлүп штеген жана насыя берген убакыт аралыгы  бир нече жылды камтыган.   

2017-жылдын 20-февралына карата 830 катышуучуга  1 млрд. сом суммасына жакын ипотекалык насыя берилди, деди Бактыбек Шамкеев. Ипотекалык насыялар МИК менен өнөктөштүктө иштешип  жаткан 12 банк аркылуу берилип жатат. Ал эми насыялар артыкчылык коюлган бюджеттик мекемелерде иштегендерге берилип жатат.

Бактыбек Шамкеев ипотекалык насыялар боюнча орочо сандык мисалды келтирди: Кыргызстан боюнча ипотеканын орточо суммасы 1,0 млн. сом, ал эми турак жай наркы 1,2 млн. сом, бир айлык төлөм – 12,0 миң сом, бир айлык киреше – 33,0 миң сом тегерегинде. Мында Бишкек шаарында бул көрсөткүчтөр: насыянын суммасы1,5 млн. сом, турак жай наркы 2 млн. сомдон ашык, бир айлык төлөм –  19,0 миң сомго жакын, бир айлык киреше –  50,0 миң сомдун тегерегинде.  Ош шаарында сандык көрсөткүчтөр: насыянын орточо суммасы – 1,2 млн. сом, турак жайдын орточо наркы – 1,5 млн. сом, бир айлык төлөм – 15,0 миң сом, бир айлык киреше – 36,0 миң сом. Бир кыйла төмөн көрсөткүчтөр Талас областы боюнча байкалган, тиешелүүлүгүгүнө жараша: – 600 миң, 800 миң, 8 миң, 25 миң сом.

Журналисттердин “Ипотека жарандардын бардык категориясы үчүн качан жеткиликтүү болот деген суроосуна,  МИК жетекчиси мындай деп жооп берди: Азыркы учурда ипотекалык насыяларды алуу мүмкүнчүлүгүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ведомстволор аралык  комиссиянын (ВАК)  тиешелүү чечимине ылайык бюджеттик мекеме-уюмдарда  иштеп, турак жайга муктаж кызматкерлер гана ээ болуп жатышат.  Ал бюджеттик  тармактарда иштегендерге берилген насыялар көрсөткүчтөрүнө токтолду: билим берүү – 43%, саламаттыкты сактоо – 21%, социалдык өнүктүрүү - 2,5%,  маданият – 3,5%, бюджеттик башка уюмдар – 29,7%.

Башка структураларда, анын ичинде коммерциялык  ишканаларда иштегендерге ипотекага жеткиликтүүлүктү кеңейтүү тууралуу немец KfW  банкынан жана  башка инвесторлордон  инвестиция тартуудан кийин гана айтууга болот.  Жакынкы учурларда немец  KfW банкы менен  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосунда 11 млн. евро  берүү тууралуу келишимге кол коюу күтүлүүдө. Бул тиешелүү жол-жоболор аяктагандан  кийин ишке ашат жана Бишкек жана Ош шаарларын кошпогонло,  Кыргызстандын бардык аймактарында ипотекалык насыялоону улантуу үчүн багытталат.

Сөздү андан ары улантуу менен, Бактыбек Шамкеев  пландагы 2,5 млрд. сомдун 1 млрд. сому толук өздөштүрүлгөнүн маалымдады.   Ошондой эле, бюджеттик каражаттардын кезектеги транштарын берүү тууралуу Финансы минстрлигине кат жөнөтүлдү.  Мындан тышкары,  Төраганын сөзү боюнча, ипотекалык баалуу кагаздарды сатуудан 300-500 млн. сом каражат алынышы күтүлүдө. Былтыркы жылы “Ипотекалык баалуу кагаздар тууралуу” кабыл алынган мыйзам финансы рыногунда жаңы инструменттердин  түптөлүшүнө укуктук негиз болуп саналат жана анын жардамы аркылуу  ипотекалык күрөө менен камсыз болгон ипотекалык баалуу кагаздарды институционалдык инвесторлор сатып алышат. Азыркы учурда бул мыйзамдын иштешин камсыз кыла турган тиешелүү документтер коомдук талкуудан өткөрүлүүдө.

МИК төрага орун басары Нуржигит Усенакун уулу  эконом-класс турак жайларын куруу планы тууралуу айтып берди. Азыркы учурда Баткен,  Нарын жана Жалал-Абад  шаарларында 5 кабаттуу 3 подьездүү жана 60 батирлүү үйлөрдү курууну долбоорлоо иштери аяктап калды. Мамлекеттик экспертиза департаментинен дурус корутунду алаары менен, жогоруда аталган шаарларда ошол көп кабаттуу үйлөрдү курууга сынак жарыяланып, анын жыйынтыгында курулуш ишканалары аныкталып, куруу иштери башталат. Ош шаарында дагы  пландаштырылган көп батирлүү үйлөрдү куруу маселеси каралып жатат. Ушуга байланыштуу азыркы учурда Ош шаардык мэриясы менен долбоорлоо документтерин даярдоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Бишкек шаарында “Тунгуч” кичи районунда  9 кабаттуу үйдү куруу каралган.  Мамлекеттик архитектура агенттиги тарабынан бардык тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен макулдашууга тийиш, андан кийин гана сунуш буйрук  долбоору катары  өкмөткө сунушталат. Мындан улам МИК жана Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттиги курулуш компанияларын аныктоо жана курулушту баштоо боюнча сунушту даярдап жатышат. Жергиликтүү  мамлекетитк администрациялар жана шаарлардын мэриялары менен тыгыз кызматташуунун натыйжасында курулушка жер тилкелерин бөлдүрүү,  коммуникация орнотуу иштери токтоосуз чечиле тургандыгын айтып кетти  төрага орун  басары.

Журналисттердин аймактардагы көрсөткүчтөрдүн төмөн жана насыя алудан баш тарткандардын саны көптүгү боюнча суроолоруна МИК төрагасы  мындай жооп айтты:  мунун биринчи негизги себеби аймактарда турак жай фондунун жетишсиздиги жана  Программанын  катышуучуларынын  турак жайды негизинен Бишкек жана Ош шаарларынан алууну каалагандыгы болуп эсептелет.  Ал эми баш тарткандардын санынын  көп болуп жатышы тизмелердин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан алгачкы учурларда ырасталуусунда тандоо критерийлерине дал келбеген, анын үстүнө турак жайы барлар дагы  илинип калгандыгынын себебинен болгон.

Тизмелер былтыркы жылы  бир нече этап менен ырасталган жана азыркы учурда биздин талаптарга  ылайыктуу болбогондор тизмеден акырындап чыгып жатышат. Бул жерде катышуучунун төлөөгө жөндөмдүү  болушу башкы шарттардын бири болуп саналат.  Калктын калың катмарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында аймактарга болгон иш-сапарларында насыя шарттары, талаптары тууралуу бир нече ирет айтылган.  Тизмелерди ырастоонун  үч этабынан кийин  баш тарткандардын жалпы саны 1974 адамды түздү. Азыркы учурда  1500 катышуучу  насыя алуу мөөнөтүн башка убакка жылдыруу өтүнүчү менен кайрылышкан, алардын себептери -   турак жай тандай албай жатышат,   адгачкы төлөмдү толуктоо кыйынчылыгы жана башка.

МИКтин Продукттарды иштеп чыгуу жана сатып алуу бөлүмүнүн башчысы Фархад Ибраев алгылыктуу ишке ашып жаткан механизм тууралуу түшүнүк берди.

Эгерде, биринчи механизм боюнча Программанын катышуучулары  рыноктон өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша турак жайларды сатып алып жатышкан болсо, экинчи механизм - “Жеке турак    жайды куруу” (ЖТК) боюнча жеке менчик жер үлүшүнө ээ болгон шартта там салууга насыя алышууда.

Бул механизмдин алкагындагы насыянын пайызы 18 айды камтыган курулуш  учурунда,  алгачкы төлөмдү төлөө шартында  жылдык - 14 пайыз,  ал эми курулуш аяктап, тамды жергиликтүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик  органдардан  колдонууга кабыл алгандан кийин жылдык -10 пайызды түзөт.

Буга чейин алгачкы төлөмдү төлөө милдеттүү талап болгон. Катышуучулар тарабынан  тынбай кайрылууларга байланыштуу, МИК кызматкерлери тарабынан ЖТК механизми кылдат иликтөөгө алынды. 

Катышуучу курулушу башталган тамды бүтүрүү үчүн пайдубалына, дубалына, терезлерди орнотууга каражаттарды кетирген.  Бирок  алгачкы төлөмгө акча каражаттары жок болуп калды. Албетте, мындай  учурда  ал ипотека ала албайт. МИК бул талапты өзгөртүү менен курулушка кеткен материалдык чыгымдарды алгачкы төлөм катары кабыл алат. Ошол эле учурда  турак жайдын  алдын ала 50 пайыз даярдуулук абалы жана техникалык көзөмөл талаптары дагы алынып салынды. Бул өзгөртүүлөр 2017-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирди.

ЖМК өкүлдөрү аркылуу жарандарга карата Бактыбек Шамкеев - босогодо жаз мезгили турганын, “Жаздын бир күнү - бир жылга тете”,- экендигин, ошондуктан кыялдагы үйдү куруп алууга ыкчам киришүү зарылдыгын баса белгилеп кетти. 

МИК тарабынан берилип жаткан насыянын суммасы 3 млн. сомго, 15 жылдан ашпаган мөөнөткө чейин.

МИКтин иш-аракети тууралуу толук маалыматты  расмий сайттан www.gik.kg  алууга болот.

Кошумча маалыматтарды алуу  телефондору: (312) 62-14-34, (3222) 2-11-16.

// // //