Куш-кабар

17 Февраля 2017

“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун (МИК)  куш-кабары

Урматтуу журналисттер, МИК 2017-жылдын 20-февралында “Кабар”  маалымат агенттигинде саат 11.00 пресс-конференция өткөрөт.

Тема:     МИК иш-аракети жана  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын                                  ишке ашырылышы тууралуу маалымат

МИКтин өкүлдөрү:

Шамкеев Бактыбек Абылкасымович – МИК Башкармасынын төрагасы;
Нуржигит Усенакун уулу – МИК Төраганын орун басары;
Ибраев Фархад Талантбекович –  МИК Продукттарды иштеп чыгуу жана сатуу бөлүмүнүн башчысы;
Асанова Зирек Абдыкааровна – МИК маалымат катчысы.

Күн тартибинде каралуучу маселелер:

  1. МИК  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын  чегинде азыркы учурда “Даяр турак жайды сатып алуу” жана “Жеке турак жайды куруу”  механизмдери боюнча 1 млрд сомго жакын сумманы  сапаттуу өздөштүрдү.
  1. Кыргыз Республикасынын “Ипотекалык баалуу кагаздар тууралуу” мыйзам акттылары коомдук талкуудан өткөрүлүүдө.
  1. МИКтин  турак жайларды куруу иштеринин абалы.
  1. МИК “Жеке турак жайды куруу”  механизми боюнча өзгөртүүлөр кабыл алынды.

 

Кошумча маалымат боюнча 0770333822 телефону аркылуу байланышууга болот.