МИК Казакстан ипотекалык компаниясы менен өзара кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду

19 Января 2017

2017-жылдын 18-январында Алмата шаарында  Казакстандын жана Кыргызстандын ипотекалык компанияларынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду.

Жолугушууда “Казакстан Ипотекалык Компания” ИУ” АК Башкармасынын төрагасы Мухамеджанов Адиль Бектасович жана “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун Башкармасынын төрагасы Шамкеев Бактыбек Абылкасымович  ипотекалык насыялоо жаатында өзара кызматташуу тууралуу  меморандумга кол  кюшту.

Ипотекалык компаниялардын жетекчилеринин белгилөөсү боюнча,  аталган документ  тараптардын  мындан ары  өзара кызматташуулары үчүн  мүмкүнчүлүк берген инструмент болуп калат.

Тараптар төмөнкү маселелер тегерегинде тажрыйба алмашуу боюнча  макулдашышты:  жарандар үчүн  турак жайлардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга шарттарды жана механизмдерди түзүү;  ипотекалык насыялоонун экинчи рыногун өнүктүрүү;  турак жай насыялоо үчүн  ички инвестицияларды тартуу; турак жай курулуштарын уюштуруу жана  мамлекеттик (тармактык) программанын чегинде  турак жай ала тургандарды кошо алуу менен,  турак жайларды  ижарага бөлүштүрүү, ж.б. 

“Казакстан Ипотекалык Компания” ИУ” АК  (КИК)  негизги иш-аракетин 2001-жылы баштаган  жана азыркы учурда Казакстан Республикасынын  банктык эмес ири финансылык институттарынын  бири катары эсептелет.

КИК ипотекалык насыялоо тармагында  мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу менен, ипотекалык насыялоонун экинчи рыногунда финансылык оператор катары да иш алып барат.

КИКти уюштуруп-түзүүнүн негизги максаты ипотекалык насыялоого тартылган финансылык институттардын насыя каражаттарынын убагында толук кайтарылышын камсыз кылуу жана  финансылык инструменттердин өтүмдүүлүк маселелерин чечүү үчүн ипотекалык облигацияларды чыгаруу аркылуу экинчи денгээлдеги банктарды  кайра каржылоо болгон.

КИК иштегенден баштап ушул күнгө чейин Казакстандын 60 миңге жакын жарандарын турак жай менен камсыз кылууга жетишкен. 

// // //