Жылуу пикир

18 Января 2017

5 жыл Россияда иштеп жүрүп бир үй кура албадым!

Норузбаева Айчүрөк,  Баткен шаарынын  Жоомарт Бөкөнбаев атындагы  орто мектебинде орус тили мугалими

 Мен  2016-жылы  май айында  “ипотекага” үй алганмын. Өздүк салымды 23 пайыз төлөгөнүмө байланыштуу  жылдык  13 пайыз менен төлөй баштаганмын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлгөн тиешелүү  жеңилдиктердин негизинде азыр 11 пайыз менен төлөп жатамын. Баары жакшы, өз убагында төлөп келемин.

Ипотекалык  насыя  боюнча мамлекетибиз тарабынан кабыл алынып, Мамлекеттик Ипотекалык Компания тарабынан ишке ашырылып жаткан бул долбоор мен үчүн жеңил, - деп ойлоймун. Анткени 5 жыл Россияда иштеп жүрүп бир үй кур албадым. Ал эми 15  жыл  аралыгында өз мекенимде  жашап, үйлүү  болгонума кубанычтамын! Баарына рахмат! Ишиңиздер өркүндөй берсин!

P.S. Урматту Айчүрөк айым, Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын жетекчилигинин жана жалпы эмгек жамаатынын атынан Сиздин конушуңуз жайлуу, үй-бүлөңүз менен бактылуу, иштериңиздин ийгиликтүү болушун каалайбыз!

// // //