“Кыргызкоммерцбанк” ААК биринчи ипотеканы берди

10 Января 2017

Аталган банкта бүгүн, 2017-жылдын 10-январында биринчи жолу ипотека насыясын алуучуга салтанаттуу түрдө сертификат тапшырылды. Анын ээси Кыргыз Республикасынын Чекара кызматынын кызматкери Исмаилов Мирбек Сатыбалдыевич болду.

Сертификатты насыя ээсине тапшырып жатып “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун (МИК) башкармасынын төрагасы Шамкеев Бактыбек Абылкасымович буларга токтолду:

- Урматтуу Мирбек Сатыбалдиевич, Сиздин үй-бүлөңүздүн ипотекалык насыя аркылуу жаңы конушка ээ болгону менен чын дилибизден куттуктайбыз! Жаңы конушуңузда үй-бүлөңүз менен жакшы шартта бактылуу  жашоону каалайбыз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн МИК тарабынан ишке ашырылып жаткан “Арзан турак жай 2015-2020” программасындагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу аракетиңиздин натыйжасы бизди дагы кубандырат. Өз үйлүү болууңуз чек ара кызматкери катары ыйык мекенибизди коргоо милдетиңиздин мындан ары да ийгиликтүү болушуна чоң өбөлгө, жагымдуу шарт болуп жатат. МИК тарабынан берилип жаткан насыянын чегинде бүгүнкү күнгө карата сиз менен бирге 733 үй-бүлө өз конуштарына ээ болушту. Сиздердин ар бириңиздердин кубанычыңыздар МИКтин жамаатынын кубанычы деп билебиз!   

 

                         

Куттуктоо сөзүн андан ары улантуу менен “Кыргызкоммерцбанк” ААК төрагасы Айбалаев Алмаз Маматовч ипотекалык насыяны бул банктан биринчи жолу чекара кызматкери алып жаткандыгы биз үчүн дагы кубанычтуу  жана сыймык деди. Анткени ипотекалык насыяны биздин банк аркылуу алуу менен биздин кардарларыбыздын катарын толуктап жатканыңзга ыраазычылык билдиребиз. Мекенибизди мындан ары да ийгиликтүү коргоп, жаңы конушуңузда үй-бүлөңүз менен бактылуу жашай беришиңиздерди каалайбыз!

Жаңы конуш ээси Исмаилов Мирбек Сатыбалдыевич үй-бүлөсү менен абдан кубанып тургандыгын белгилеп, буга чеийн батирге ай сайын 15 миң сомдон төлөп жашап келишкенин айтты.

– Мен бул “Арзан турак жай 2015-2020” программасы менен толук таанышып, өз мүмкүнчүлүктөрүмдү карадым. Программанын шарттары мага толук жакты, талап кылган документтерди райондук администрацияга тапшырып, МИКтин тизмесине илинип калдым. Айтмакчы, мен адагенде эле ылайыктуу үй издеп жүргөнүмдү да кошумчалай кетейин. Адам өзү жакшы ниет менен изденип жүрүш керек экен. Ал эми насыяны Кыргызкоммерцбанкынан алып жаткандыгымдын себеби мындай: бул банктын кызматкери Жолдошев Ануар мен келгенде аябай элпек, жакшы кабыл алып, маалыматты жакшы айтып, айрым тактоочу суроолорума кичи пейилдик менен жооп берди. Мындан тышкары кошумча кеп-кеңеш, жол-жоболорду айтканы дагы ич жылытты. Ипотекалык насыя алууда кыйынчылык деле болгон жок, маалыматтар жетиштүү, болгону өз жагдайыңды карап, аракеттенүү гана маанилүү экен. Бул аракетте мен туш болгон бир маселе – үй сатуучулардын ипотекалык насыяга сатуудан кооптонгонун байкадым. Үй-сатуучулар бул насыя боюнча кооптонбой деле коюшса болот, анткени банк менен келишим түзүлүп, акчаны банктын өзүнөн алышат. Керек болсо, ишеничтүү деп айтаар элем,-деди Мирбек Исмаилов.

- Эң негизгиси,  мен өз үйлүү болдум! Эми Кыргызстандын кайсы болбосун бурчун коргогону барсам да ишеничтүү болом, анткени үй-бүлөм туруктуу бир жерде жайгашкан, балдарым мектептен-мектепке которулбай, бир жерде окуп, татыктуу билим алышат. Бул менин Ата-Мекен алдындагы ыйык милдетимди татыктуу аткарууга чоң салым.
Учурдан пайдаланып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Бактыбек Шамкеев жетектеген Мамлекеттик Ипотеклык Компанияга жана Кыргызкоммерциялык банкынын жетекчилигине, кызматкерлерине, анын ичинде,  Ануар Жолдошевге терең ыраазычлык билдиремин! Ипотекалык насыялоодогу биргелешкен ишиңиздер дайыма ийгиликтер менен коштолсун!

 P.S. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын жүзөгө ашыруунун чегинде кызматташуу тууралуу Генералдык келишимге “МИК” ААК менен «Кыргызкоммерцбанк»" ААК 2016-жылдын 26-октябрында  кол коюшкан.