Жаңы жылды утурлаган жылуу сөздөр!

30 Декабря 2016

                         Урматтуу Кыргызстандыктар, урматтуу “Арзан                                    турак жай 2015-2020” программасынын катышуучулары!                                                                                    

                                                                    

Өтүп  бара жаткан жыл жалпы Кыргызстан үчүн, анын ичинде Мамлекеттик Ипотекалык Компания (мындан ары МИК) үчүн дагы жемиштүү жыл болду деп ойлоймун. Анткени, Кыргызстанда турак жай маселесин чечүү боюнча Кыргыз өкмөтү тарабынан биринчи жолу саясый жана экономикалык кадам шилтенди. Атайын “Турак жай” программасы иштелип чыгып, кабыл алынды. Бул программаны аткаруу боюнча Мамлекеттик Ипотекалык Компания уюшулуп, иштеп жатат.

МИКтин өкмөттүк уюмдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын, банктардын жана калктын катышуусундагы өзара аракеттенүү боюнча пландуу, уюштуруу жана маалыматтык түшүндүрүү иштерине ипотека насыясын албай калгандар тарабынан нааразычылык айтылып, айрым атка минерлердин, анын ичинде саясатчылардын асыла берүүсү адатка айланды. Орду менен айтылгандары деле бар, акыры, орчундуу деген бул иш бизде биринчи жолу жүзөгө ашып жатпайбы, анын үстүнө башка дагы мекеме уюмдардын кошо иш алып баруусу каралган, оңдоп-түзөй турган иштер дагы көп. Мына ушул учурду негизи жок эле көбүртүп- жабыртып, бизге көө сыйпап жаткандар дагы болуп жатат.

Бирок бул айтылгандарды биз талдап, пайдалуу жагы болсо кабыл алганга да аракет кылабыз. Бул жерде МИК аталган Программага катышуу тууралуу убактылуу жобонун талаптарына ылайык иш алып барууда. МИКтин ишине көзөмөлдөөгө түзүлгөн Ведомстволор аралык комиссия ипотекалык насыяны  адегенде бюджеттик мекемелерде иштегендерге берүүнү артыкчылык  катары бекиткен. Бул комиссиянын курамына тиешелүү министрликтердин, кыргыз парламентинин жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирген. Ошондуктан азыркы учурда насыяны бюджеттик мекемелерде иштеп жаткандар гана алып жатышат.

Ал эми МИК тарабынан каржыланып жаткан акча каражаты Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен 3.35 млрд суммасында бөлүнгөн бюджеттик  ссуда.  Бул ссуда МИКке 10 жыл мөөнөтү менен жылдык 3 пайызда берилип жатат. Демек, МИК бул каражаттарды пайызы менен мамлекеттик бюджетке толук кайтарып берет дегендик.

МИК тарабынан азыркы учурда 2 механизм ишке ашырылып жатат. Алар: “Даяр турак жайды сатып алуу” жана “Жеке турак жайды куруу”.

МИКтин өзүнүн турак жай фонду жок, ошондуктан биринчи механизм боюнча Программанын катышуучулары  рыноктон өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша турак жайларды сатып алып жатышат. Ал эми 2-механизм боюнча жер үйлөрдү курууга насыя алышууда. Насыялардын пайызы адегенде жылдык 12-14 пайыз болсо, көптөгөн жарандардын суроо талаптарын эске алып, Өкмөттүн тиешелүү чечими менен аларды 10-12 пайызга чейин  төмөндөтүүгө жетиштик.

Сөз арасында коомчулукта ипотека маселесине карата бүйүр кызыткан кеп-сөздөрдүн төркүнүнө токтолоюн

Пайыздар жогору! Ооба, бул бир тарабынан кымбат сезилиши мүмкүн. Бирок бул иш биздин өлкөдө биринчи жолу башталып жатканына да маани беришибиз керек. Жөнөкөй эле мисалды айтайын: ипотекалык насыялар коммерциялык банктар тарабынан буга чейин эле каалоочуларга жылдык 18-26 пайыздан 5-7 жылга берилип жаткан. Каалагандар мындай насыяларды ызы-чуу кылбай эле алып жатышат.

Программа баарына жеткиликтүү эмес! Бул дооматтардын да кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар. Дал ушул маселе боюнча биз эл аралык уюмдардан акча каражатын тартуу алкагында германиянын KFW банкынан 10, 5 млн. суммасында каражатты өз аракетибиз менен алганы жатабыз.

Бул каражат боюнча Бишкек жана Ош шаарларын албаганда, жаңы жылда бүт аймактарда турак жай алууга, курууга, оңдоого, кеңейтүүгө насыя берилиши жана жарандардын категориясы боюнча чектөөлөр алынышы каралууда. Буйруса, бул маселе оң жагына чечилиш үчүн бүт күч аракетибизди жумшайбыз.

Ошону менен бирге эле, финансы министрлиги тарабынан берилип жаткан каражаттарга республиканын 7 дубанынын борбордук шаарларында 60 батирлүү 5 кабаттуу үйлөрдү курууга камылгалар көрүлүп жатат.

Айлык маянаңар көп экен! Чынын айтканда, мениин бул МИКке төрага болуп иштеп калышыма айлык акысы эмес, республика үчүн зор мааниге ээ болгон Программаны иштетип кетүү кызыкчылыгы жогору турган. Мен жеке өзүм буга чейин эларалык уюмдарда айлык маянасы мындан кыйла жогору болгон кызматтарда иштеп келдим. Бул Программаны иштетип кетүү үчүн банк-финансы тармагында иштеген мыкты, иш билги адистер тартылган. Ошондуктан, аларды кармап иштетип калуу үчүн маяналары дагы алгылыктуу болушу зарыл эле. Эгерде булар коммерциялык банктарда, финансы мекемелеринде иштей турган болушса, маянаны бул жердегиден  көбүрөөк алышмак.  Ошого карабай, айлык акыбызды төмөндөтүүгө аргасыз болдук.

Депутаттар айтып жатышат го... Жогоруда айтылгандай,  бизге карата айтылган сын-пикирлер конструктивдүү болсо, аларды талдап, сабак иретинде кабыл алабыз. Тилекке каршы, түшүнүп-түшүнбөө менен айтылгандары өтө көп, ал аз келгенсип, бул нерселер маалымдоо каражаттары аркылуу дабасы канып жаткандай дароо тарап, калайыкты капага салууда. Биздин бул нерсеге карата жообубуз актанып жаткандай абалда калууда. Ошол эле учурда сынтагуулар менен кошо пайдалуу, ачык, колдоого ала турган сунуштарды айта алуу маданияты болбой жатканын дагы белгилеп кетүүгө туура келип жатат.

Турак жай алгандардын кубанычы – биздин кубаныч!

Бүгүнкү күнгө карата МИК тарабынан ишке ашырылып жаткан Программанын чегинде, жалпысынан 800 млн. сомдон ашык суммага  700дөн көп үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. Бул көрсөткүч айрымдарга аз көрүнүшү мүмкүн. Бирок, үйлүү болгон жарандардын бизге карата ыраазычылык пикирлеринен улам, булардын ар биринин кубанычы - биздин дагы кубаныч деп эсептейбиз! Өкмөттүн, МИКтин талыкпаган иш аракети менен 700дөн көп үй-бүлө келе жаткан Жаңы жылды өз үйлөрүндө тосушат, алар үй жасалгалоо үчүн керектүү буюмдарды сатып алышат, мында жумушка, мектепке, конокко ойлонбой барып келген турмуштук жакшы шарттар коштолуп турат.

Учурдан пайдаланып, бардык кыргызстандыктарды келип калган Жаңы жылыңыздар менен кызуу куттуктаймын!

Бекем ден соолук, талыкпаган эмгек, мекенчилдик улуу сезим, таза ниет, ынтымакка ыктаган мыкты сапаттардын салмактуу болушун каалап кетемин!

 

Баарыңыздарды терең урматтоо менен,

“МИК” ААК Башкармасынын төрагасы Шамкеев Бактыбек Абылкасымович 

 

// // //