МИК “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын иш жыйынтыгындагы мыктыларды сыйлады

29 Декабря 2016

2016-жылдын  26-декабрында  “МИК” ААК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын чегинде  ипотекалык насыялоо процессин жүзөгө ашырууга катышкан банктар арасынан мыкты  насыя адиси,  мыкты филиал жана мыкты банк аталышындагы жеңүүчүлөргө  сыйлыктарды тапшырды.  

                                   

Бул иш МИКтин  сыйлыктар тууралуу жобосуна ылайык, өнөктөш банктардын 2016-жылдагы иш жыйынтыктары боюнча, ипотекалык насыяларды тейлеген адистердин ишин көтөрмөлөө максатын көздөгөн.

Салтанаттуу иш-чарага Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров,  МИКтин төрагасы Бактыбек Шамкеев, орун басарлар Нуржигит Усенакун уулу жана Гүлнара Нуркулова,   өнөктөш “Айыл Банк”, “Бай Тушум”, “БТА Банк”, “Капитал”, “Компаньон”, “Кыргызстан”, “РСК” банктарынын жана ЖМКлардын өкүлдөрү катышышты.

Иш чаранын баш сөзүндө Эльдар Абакиров өнөктөш банктардын кошо аракеттенүүсү менен МИК биздин жарандарга насыя берүү боюнча коюлган максаттарга жетише алды. Кыргызстанда турак жай  маселеси өтө  курч турат жана  ипотеканын ишке киргизилиши  ошол маселелерди чечүүгө жол ачты. Бүгүнкү күнгө карата 700дон ашык адамга насыя берилди. Бул 700 үй-бүлө Жаңы жылды өз үйлөрүндө тосушат дегендик. 2017-жылы  насыялоо  көлөмү мындан да кыйла көбөйөт,-деп кошумчалады Экономика министрлигинин өкүлү.

МИК башчысы Бактыбек Шамкеев республикабызда  ипотекалык насыялоо ишин алдыга жылдырууда өнөктөш банктардын салымы да салмактуу экендигин белгиледи. Ипотека боюнча пайыздык чендердин төмөндүгүнөн жана ала турган маржа да аз болгондуктан иш башында банктардын баардыгы эле макул боло беришкен эмес. Социалдык мааниге ээ болгон бул ишке акырындап банктар тартыла башташып,  насыялоонун критерийлери иштелип чыгып, макулдашылды. Азыр биз менен 11 коммерциялык банк иштешип жатат.

Ал банкирлерге турак жай программасын ишке ашыруудагы кызматташтык жана кошо аракеттенгендик үчүн  ыраазычылык билдирип, “Өз үйүбүздө жашайбыз” урааны өзүн актап жаткандыгын  белгилеп кетти. Бүгүнкү күнгө карата 700дон ашык адамга берилген насыянын суммасы 800 млн. сомдон ашып, бул көрсөткүч кийинки жылы 3 млрд. сомго жеткириле тургандыгын кошумчалады Шамкеев Бактыбек.

Компанияны өнүктүрүүнүн алыска каралган иш планында  2017-жылы ипотекалык баалуу кагаздарды жүгүртүүгө чыгаруу каралууда, алар 2020-жылдын акырында 4 млрд. сомго айланышы абзел, ал эми  эконом-класстагы турак жайлар келе жаткан жылдын баш жагында курула баштайт. Германинянын KfW бакынан 10.5 млн. евро суммасында тартыла турган каражат  ипотекалык насыялоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.  Биз ар тараптан айтылган сын-пикирлерге иштерибиз менен туруштук берип,  көйгөйлөрдү,  тоскоолдуктарды жое алдык жана келечекте дагы өзүбүздүн коюлган максаттарыбызга жете алабыз, - деп кошумчалады МИК башчысы.

Иш-чарада МИКтин ипотекалык насыялоо боюнча кыскача презентациясы көрсөтүлдү.

МИК төрагасынын орун басары Гүлнара Нуркулова МИКтин  жаңы автоматташтырылган  системага өтө тургандыгы тууралуу билдирип,  бул системага банктар дагы февраль айынын башында уланышы зарылдыгын эскерте кетти.

Сыйлыктарды тапшыруу алдында МИК төрагасынын орун басары Нуржигит Усенакун уулу KfW банкынын каражаттарын алгандан кийин боло турган өзгөртүүлөр тууралуу  аземдин катышуучуларына айта кетти. Ипотекалык насыялоонун катышуучуларынын категориялары  кеңейет, бул бюджеттик мекемеде иштегендерден тышкары, жарандардын турак жайга муктаж болгон катмарына дагы ипотеканын жеткиликтүүлүгүнун кеңейишин көрсөтөт.

Тартылып жаткан бул каражаттын  чегинде ипотека  Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары бардык  аймактарды камтыйт.  Бүтүндөй алганда, пайыздык чендерди, атап айтканда жеке турак жайды куруу механизми боюнча  шарттарды жеңилдетүү күтүлүүдө.  Аймактардагы кыймылсыз мүлк рыногунун абалын эсепке алганда насыянын максималдуу суммасы 2 млн. сом менен чектелүүдө.

МЫКТЫ НАСЫЯ АДИСИ

Баткен областы - Койлубаева Айгүл, “Бай-Түшүм” бакынын “Баткен” бөлүмүнүн насыя адиси.

 Жалал-Абад областы - Асылбеков Марат, “Айыл Банк” ААКнын Токтогулдагы бөлүмүнүн насыя адиси.

Ош областы - Шакирова Зулкумар, “Компаньон Бакынын” Оштогу бөлүмүнүн насыя адиси.

Нарын областы - Иманкулов Жакып, “Айыл Банк” ААКнын Нарындагы бөлүмүнүн насыя адиси.

Ыссык-Көл областы - Несипбаева Айгерим, “БТА Банк” ЖАКнын Караколдогу бөлүмүнүн насыя адиси.

Талас областы - Сейдикеримов Абил, “Айыл Банк” ААКнын Таластагы бөлүмүнүн насыя адиси.

Чүй областы -  Токтогулова Мээрим,  “Компаньон Бакынын” Токмоктогу бөлүмүнүн насыя адиси.

Ош шаары - Таштанов Максатбек, “Айыл Банк” ААКнын Оштогу бөлүмүнүн насыя адиси.

Бишкек шаары  - Абдиев Ришат, “БТА Банк” ЖАКнын Бишкектеги бөлүмүнүн насыя адиси.

МЫКТЫ БАНК БӨЛҮМДӨРҮ

“Айыл Банк” ААКнын Талас бөлүмү.

“Айыл Банк” ААКнын Нарын бөлүмү.

“Компаньон Банк” ЖАКнын Чүй бөлүмү.

 “Айыл Банк” ААКнын Жалал-Абад областындагы Токтогул бөлүмү.

“Айыл Банк” ААКнын Баткен бөлүмү.

“Компаньон Бакы” ЖАКнын  Ош бөлүмү.

“Айыл Банк” ААКнын Ысык-Көл областындагы Балыкчы бөлүмү.

“Айыл Банк” ААКнын Ош бөлүмү (Ош ш.)

“Капитал Банк” ААКнын башкы офиси (Бишкек шаары).

Ипотекалык насыяларды көп санда берген МЫКТЫ БАНК

1-орун -  “Айыл Банк” ААК.

2-орун - “БТА БАНК” ЖАК.

3-орун - “Кыргызстан” КБ.

Ондогон насыяларды берген “РСК Банк” жана “Азия банкы” ипотекалык насыялоого салым кошкондугу үчүн “МИК” ААКнын ыраазычылык катын алышты.

Өнөктөш банктардын кызматкерлери  МИКтин кызматкерлеринин жогорку кесипкөйлүгүн жана жоопкерчилигин белгилеп, жемиштүү кызматташкандык үчүн ыраазычылык билидишип,  республикабыздын жарандарынын ипотекалык насыялоо боюнча социалдык маанилүү ишке катышууга даяр экендиктерин жана уланта тургандыктарын айта кетишти.  Алар калктын башка дагы катмарын ипотека менен камсыз кылууга  МИКтин каржы мүмкүнчүлүгүнүн дагы ошончолук дурус болуусун каалап кетишти.

 

// // //