Ипотекалык баалуу кагаздардын иштешине негиз түзүлүүдө

26 Декабря 2016

2016-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Мамлекеттик каттоо кызматы  (МКК) менен “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун  (МИК) ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга аталган уюмдардын жетекчилери Бактыбек Шамкеев  жана Тайырбек Сарпашев кол коюшту.

Иш-чаранын баш сөзүндө МКК төрагасы  Тайырбек Сарпашев ипотекалык баалуу кагаздарды каттоо жана эсепке алуу боюнча  ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу багытында эки уюмдун ортосунда жумушчу топ түзүлүп иштеп жаткандыгына токтолду. Ипотекалык баалуу кагаздар - жаңы финансылык инструмент. Бул жакында  эле түзүлүп иштеп жаткан МИК тарабынан ишке ашырылмакчы. Ал эми аталган инструменттин коопсуз иштеп, өркүндөп кетишин камсыз кылууда МКК кызматы орчундуу мааниге ээ. Ошондуктан республикабызда МИКтин ипотекалык насыялоону натыйжалуу жүргүзүшүн маалыматтык-технологиялык камсыз кылууга МКК тарабынан  дайыма колдоо болорун кошумчалады.

МИКтин төрагасы Бактыбек Шамкеев Меморандумдун чегиндеги өзара карым-катышуунун максаты – республика жарандарына турак жай жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга шарттарды түзүү, ошондой эле ипотекалык насыялоо жагында кызматташуу экендигин белгиледи.  Бул кызматташуу ипотекалык баалуу кагаздар рыногун туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө болгон башка иш-чараларды дагы жүргүзүүгө негиз болуп саналат.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын жүзөгө ашырууга багытталган узак мөнөттүү, натыйжалуу жана өзара пайдалуу кызматташууну өркүндөтүү запылдыгын белгилеп кетишти.

Ошондой алар Меморандум алкагындагы иш жыйынтыктарын тараптар жыл сайын кароого алып турушарын, натыйжада кызматташуунун кошумча багыттары жана формалары аныктала тургандыгын да айта кетишти.

Пресс-служба ОАО “ГИК”

Тел.: 0 770 33 38 22

E-mail: asanova@gik.kg

 

// // //