Программа бюджеттик мекемелерде иштегендер үчүн кыйла жөлөк болууда

23 Декабря 2016

Жолболду кызы Ыхвалай, Баткен облустунун Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын жетекчтөөчү адиси

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын чегинде 2016-жылдын декабрь айында Кызыл-Кыя шаарынан жеке турак жай сатып алдым.

Буга чейин үй-бүлөм менен 11-12 жылдан бери батирден батирге көчүп жашап келдик.  Бул Программа бюджеттик мекемелерде шитегендерге абдан жакшы болду. 

Пайыздык чени бюджеттик мекемелер үчүн бир аз  жогору, бирок өз үйлүү болуп калганыбызга да кубанычтабыз. Ошондой болсо да, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмаз Атамбаевге, Кыргыз Республикасынынын Өкмөтүнө, Мамлекеттик Ипотекалык Компанияга ыраазычылык билдиремин.

Мен насыя алган адам катары  өздүк салым жана кепилдик талабы тууралуу  маселени кайрадан карап чыгууну да сунуштайт элем.

Чоң рахмат! Иштериңиздерди ийгиликтер коштосун!

 

// // //