Ипотека болбогондо, өз акчама үй ала алмак эмесмин

19 Декабря 2016

Жакыпова Жанара Мамарасуловна, Ош шаардык топтоо пунктунун альтернативдик кызмат бөлүмүнүн   улук офицери

Ушул учурга чейин өз жеке турак жайыбыз жок жүрдүк. Айрыкча акыркы үч жылда батирге акча төлөп  жашап жаттык.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын чегинде башка бюджеттик мкемелердин кызматкерлериндей эле, мен дагы ипотекалык насыя алууга аракет көрдүм. 

 

Насыя алуудагы алгачкы төлөмдү төлөөгө ата-энем дагы жардам берди.  Натыйжада, шаардан 2 бөлмөлүү батир алдык. Азыр абдан жакшы, кыздарым менен өз үйүмдө жашап жатабыз.

Чынын айтканда, өз айлык маянамдын өлчөмү менен азыркы учурда батир сатып ала алмак эмесмин. Бул ипотека программасы менин үй-бүлөм үчүн дагы ынгайлуу мүмкүнчүлүк болду.

// // //