ДАРЫГЕРЛЕРДИН ТУРАК ЖАЙ МАСЕЛЕСИ ДУРУС ЧЕЧИЛҮҮДӨ

16 Декабря 2016

Сатыбаева Шарипа Төлөновна, Жалал-Абад областтык ооруканасынын дарылоо бөлүмүнүн дарыгери

Ушул жылы Мамлекеттик Ипотекалык Компания тарабынан берилип жаткан ипотекалык насыя боюнча  3 бөлмөлүү батир сатып алдык.  Биздин үй-бүлө чоң, 6 балам бар.  Буга чейин турак жайга өтө муктаж болуп жүргөн элек. Өзүбүздүн ал-абалды карап,  насыя алууну чечтик. Ипотекалык насыя аркылуу үй аларда Мамлекеттик Ипотекалык Компания, банктар тарабынан кыйынчылыктарга кезикпедик. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын чегинде  саламаттыкты сактоо тармагында иштеп, үй-жайы жок жүргөн кызматкерлердин турмуш шарттарынын жакшыруусуна жакшы мүмкүнчүлктөр түзүлүп жатат.

Жарандар өздөрү дагы  жапа тырмак киришсе, бул ипотекалык насыя чоң кошумча жардам болот экен. Мындай арзан пайызда буга чейин бир дагы насыя берилген эмес.  

Ошондуктан, биз жалпы үй-булөбүз менен ушул Мамлекеттик Ипотекалык Компанияга терең ыраазычылык билидребиз жана мындан ары дагы иштерине албан  ийгиликтерди гана каалайбыз!

// // //