• Аймактарга иш сапары "Ипотека ишин чогуу илгерилетебиз!"

15 Декабря 2016

Ипотекалык насыяны кимдер ала алат, шарттары, талаптары  кандай өңүтүндөгү жана башка толгон-токой суроолорго жооп берүү, жалпы эле, Кыргызстандын жарандарынын арасында ипотекалык насыя тууралуу маалымдуулукту  жогорулатуу багытында жыйын 2016-жылдын 15-декабрында Баткен областтык өкүлчүлүгүндө болуп өттү.

Иш-чарага жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жооптуу кызматкерлери, «Арзан турак жай 2015-2020» программасынын катышуучулары, Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын (МИК), бюджеттик мекеме-уюмдардын, өнөктөш банктардын, жарандык коомдун  жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрү катышышты.

 

МИК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын алкагында ипотекалык насыяларды берүүгө, республиканын 7 дубанынын борбордук шаарларында көп батирлүү үйлөрдүн курулуш иштери, эларалык уюмдардан инвестициялык каражаттарды тартуу, жарандардын турак жай маселелерин кенен алкакта кароо менен чечүү жагында  жүзөгө ашырылып жаткан иштер тууралуу  кеңири маалымат жыйында айтылып, бардык берилген суроолорго жооптор берилди.

 

Жыйынга катышкандар буга чейин айрым маселелерге так жооп ала алышпай, бүдөмүк ойлордо жүргөндөрүн, документтерди топтоодо тиешелүү мекеме-уюмдардан документтерди алуудагы кыйынчылыктар тууралуу арыз-армандарын айтышты.

 

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жарандардын кыйынчылык менен пайдаланып жаткандыгына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өздөрү дагы көңүл буруп, абалды жакшыртууга жакшылап киришүү менен ипотека маселесин бир эле Мамлекеттик Ипотекалык Компанияга шылтоолоп, төнкөрүп койбостон, Мамлекеттин турак жай программасынын аткаруучулары тарабынан иштин сапатын жогорулатууга абдан көңүл буруу зарылдыгын баса белгилеп кетишти.

члмтлчсмл

Баткен жергесиндеги бул иш-чарада жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ипотека ишин илгерилетүүдө, калкты туура, так маалымат менен камсыз кылууда жергиликтүү маалымат каражаттарынын орду зор экендигине токтолуп, аларды чогуу кызматташууга чакырды.

Мындан тышкары бийлик өкүлдөрү МИК тарабынан ишке ашырылып жаткан ипотека программасы жарандардын турак-жай маселелерин чечүүдө бир чон жардам болуп жатканын,  буга карабастан, жергиликтүү бийлик дагы өз алдынча иш алып баруу керектигин, Баткен жетекчилери мына ушул маселелерди жеринде чечүү жагындагы иштери тууралуу айтып, жергиликтүү бийликтин өз аракети менен курула турган үйлөрдүн долбоорун көрсөтүп, айрым сунуштарды айтууга жетишишти.

 

P.S. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын түпкү маанисин жакшы түшүнгөн Баткен  бийлик өкүлдөрүнүн өз иштерине, милдеттерине жоопкерчилик мамилелери жогору экендиги  биздин да жүрөгүбүздү жылытты. Чынында эле,  бул ипотека ишинде, “атаңа бар, энеңе бар, аргаң кетсе МИКке бар”, - эмес, бардыгыбыз өз милдетибизди так аткарып, жапа тырмак киришүү экендигин турмуш өзү тастыктап жатат!

// // //