• Аймактарга иш сапары "Ипотекалык насыя алууга даярбыз!"

13 Декабря 2016

Ипотекалык насыяны кимдер ала алат, шарттары, талаптары  кандай өңүтүндөгү жана башка толгон-токой суроолорго жооп берүү, жалпы эле, Кыргызстандын жарандарынын арасында ипотекалык насыя тууралуу маалымдуулукту  жогорулатуу багытында жыйын 2016-жылдын 13-декабрында Ош областтык өкүлчүлүгүндө болуп өттү.

Иш-чарага жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жооптуу кызматкерлери, «Арзан турак жай 2015-2020» программасынын катышуучулары, Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын (МИК), бюджеттик мекеме-уюмдардын, өнөктөш банктардын, жарандык коомдун  жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрү катышышты.

МИК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын алкагында ипотекалык насыяларды берүүгө, республиканын 7 дубанынын борбордук шаарларында көп батирлүү үйлөрдүн курулуш иштери, эларалык уюмдардан инвестициялык каражаттарды тартуу, жарандардын турак жай маселелерин кенири алкакта кароо менен чечүү жагында  жүзөгө ашырылып жаткан иштер тууралуу  кеңири маалымат жыйында айтылып, бардык берилген суроолорго жооптор берилди.

Жыйынга катышкандар буга чейин айрым маселелерге так жооп ала алышпай, бүдөмүк ойлордо жүргөндөрүн, документтерди топтоодо тиешелүү мекеме-уюмдардан документтерди алуудагы кыйынчылыктар тууралуу арыз-армандарын айтуу менен,  маектешүүнүн соңунда иш төркүнүн толук түшүнүшкөндөн кийин ипотекалык насыя азыркы учурда  алгылыктуу экендигин баса белгилешип, жеке менчик ишканаларда иштегендер үчүн дагы мүмкүнчүлук берилсе, көп жарандарыбыз турак-жай алууга даяр экендигин тастыктап кетишти. Ала эми жыйында катышкан банк өкүлдөрү насыя алып, төлөө учурунда карызгерлердин турмушундагы болуп калуучу оош-кыйыш учурларында маселелердин кандай чечиле тургандыгын тактап, түшүнүк алууга да жетишишти.

dlgdlgj

Негизинен, ордолуу Ош аймагында өткөрүлөн бул иш-чарага катышкандар да  МИК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге ыраазы болуп, келечекке үмүт менен кароого боло тургандыгын курсантчылык менен билдиришти.

 

// // //