Ипотека ийгилиги алдыда

12 Декабря 2016

Ипотекалык насыяны кимдер ала алат, шарттары, талаптары  кандай өңүтүндөгү жана башка толгон-токой суроолорго жооп берүү, жалпы эле, Кыргызстандын жарандарынын арасында ипотекалык насыя тууралуу маалымдуулукту  жогорулатуу багытында жыйын 2016-жылдын 12-декабрында Жалал-Абад областтык өкүлчүлүгүндө болуп өттү.

Иш-чарага жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жооптуу кызматкерлери, «Арзан турак жай 2015-2020» программасынын катышуучулары, Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын (МИК), бюджеттик мекеме-уюмдардын, жарандык коомдун  жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрү катышышты.

МИК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын алкагында ипотекалык насыяларды берүүгө, республиканын 7 дубанынын борбордук шаарларында көп батирлүү үйлөрдүн курулуш иштери, эларалык уюмдардан инвестициялык каражаттарды тартуу, жарандардын турак жай маселелерин кенири алкакта кароо менен чечүү жагында  жүзөгө ашырылып жаткан иштер тууралуу  кеңири маалымат жыйында айтылып, бардык берилген суроолорго жооптор берилди.

Жыйынга катышкандар буга чейин айрым маселелерге так жооп ала алышпай, бүдөмүк ойлордо жүргөндөрүн, турак жайларды насыяга алууда европа өлкөлөрүндөгүдөй арзан же дароо, бир заматта чечилсе болот эле деген кептерди айтуу менен, маектешүүнүн соңунда иш төркүнүн толук түшүнүшкөндөн кийин ипотеканын ийгиликтери али алдыда экендигине маани беришип, МИК тарабынан даярдалган таркатма материалдарды колго алышып, үңүлө карашып, маалыматка маани беришип, терең ыраазычылык билдирип калышты.

 

// // //