Жаңы конуштагы кубаныч

30 Ноября 2016

Мамлекеттик Ипотекалык Компанияга терең ыраазычылык билдиремин!

Мына ушундай кубанычын бизге Бишкек шаарындагы балдардын жатак мектебинин сүрөт сабагы мугалими Асел Сатарова жылмаю менен билдирди.

"Ипотека шартында үй алууга боло турганын угары менен бир жума ичинде документтерди даярдап, тапшырып, тизмеге илингенден кийин, БТА банкына бардык. Тиешелүү кеп-кеңештерди угуп алып, үй издеп 2 жума аралыгында 2 бөлмөлүү батир таап банкка көрсөттүк, банк жактырып, ипотекалык насыя менен өз үйлүү болуп калдык, -деп сөзүн улады Асел Сатарова. 
- Менин мугалим катары айлык маянам азыраак, бирок мен башка кошумча жумуштар менен алектенем, жолдошум дагы иштейт. Алгачкы төлөмдү төлөгөндө туугандарыбыз бир аз жардам беришти. Мени, менин үй-бүлө мүчөлөрүмдү бул ипотекалык насыянын жылдык 10-12 пайыздык чени, мөөнөтү боюнча 15 жылга берилгени аябай купулубузга толду. “Кымбат экен” - деген оюбузга келген жок. Мен сүрөт мектебинде мугалим болуп туруктуу иштейм, ошол эле учурда кошумча жумуштарда да иштеп, насыя милдеттерин убагында аткарып жатабыз,- деп кошумчалады Асел Сатарова.

Бул окуяны Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын төрагасынын орун басары Усенакун уулу Нуржигиттин ипотекалык насыялардын шарттары, акыркы кабыл алынган жеңилдиктер, айрым көйгөйлөр тууралуу жана  финансы-кредит тармагындагы серепчи Каныш Шаршекееванын  Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын иш-аракетинин дурус  жактары тууралуу оң пикири менен кошо ушул эле күнү КТРК, ЭлТР теле каналдарынын, Марал радиосунун журналисттери дароо жаңылыктар программасы аркылуу калк арасына маалымдоого жетишишти.

PS. КТРК, ЭлТР теле каналдарынын, Марал радиосунун журналисттери менен Аселдин турмушундагы бул жакшы окуяны чагылдыруу үчүн барганыбызда таза, жылуу, ынгайлуу үйдө үй-бүлөсү менен бизди күлүп жайнап, жылуу тосуп алышты. Балакайлары тайенесине утуру эркелеп коюшуп, теледеги мульфильмдерден көз алышпайт, Аселдин апакесинин, өмүрлүк жарынын кубаныч-ыраазычылыктары биздин да ичибизди жылытты.

 Асел, конушуңуз жайлуу болуп, коломтоңуздун оту өчпөй,  үй-бүлөңүз менен  ар дайым бактылуу өмүр сүрүнүздөр!

Сөзгө сараң, бирок дүйнөнү өзгөчө боектор менен  көрө билген кыл калем чеберлеринин далайына дарс окуп, калк арасында кадырыңыз арта берсин, Асел!

// // //