Пресс-релиз

18 Ноября 2016

ИПОТЕКАЛЫК НАСЫЯЛОО ПРОГРАММАСЫ ИЙГИЛИКТҮҮ ИШТӨӨДӨ

17-ноябрда “Спутник” маалымат агенттигинде Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин стратегиялык пландоо башкармалыгынын башчысы Байдолетов Нурадил Эсенбекович жана Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын (МИК) башкармасынын төрагасынын орун басары Усенакун уулу Нуржигит катышкан пресс-конференция болуп өттү. Мында Программанын ипотекалык насыялоодо жергиликтүү бийлик органдын турак жай комиссиясына арыз берүүдөн тартып, банктан насыя алууга чейинки бардык этаптарында келип чыгуучу маселелер каралды. 

Байдолетов Нурадил өз сөзүндө ипотекалык насыянын атайын түзүлгөн МИК уюму аркылуу 2016-жылдын март айынан тарта берилип жаткан процесси, айрым жагдайларга карабай, жакшы жылыштар менен жүрүп жатканын айтып өттү. Бул программанын мурдагы турак жай программаларынан айырмасы ишке ашып жаткандыгында. Мурда жеткиликтүү турак жай курулушуна басым коюлган эле. Бирок муну мурдагы экономикалык шарттарда жүзөгө ашырууга мүмкүн болбогондуктан, программалар ишке ашпай калган.
Эларалык, атап айтканда, россия жана казакстандын тажрыйбаларын карап көрүүдө кайра каржылоо механизми менен ипотекалык насыялоо программасынын артыкчылыгы маалым болгон. Тиешелүү ченемдик-укуктук база негизделе баштады, “Жеткиликтүү туракжай 2015-2020” аталышындагы программа кабыл алынып, ачык акционердик коом түрүндө түзүлгөн МИК мамлекеттик агент катары иштеп жатат. 
Эң башында Кыргызстанда ипотекалык насыялоону ишке ашыруу процессине Экономика министрлиги жана парламент тартылган, андан кийин МИК өзүнүн салымын кошуп келе жатат. Биргелешкен иштердин натыйжасында Кыргыз Республикасынын “Күрөө тууралуу”, “Баалуу кагаздар рыногу тууралуу” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, “Ипотекалык баалуу кагаздар тууралуу” мыйзам кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын “Ипотекалык турак жай насыялоо тууралуу”мыйзамы кабыл алынганы турат. 
Баалуу кагаздарды пайдалануу тууралуу айтуу менен, Байдолетов Нурадил ипотекалык рыноктун катышуучуларынын өз ара аракеттенүү схемасын түшүндүрүп берди: өнөктөш банк күрөө катары турак жай менен камсыз болгон ипотекалык насыяны берет. Андан кийн МИК банктан ипотекалык насыялар боюнча талап кылуу укугун ипотекалык күрөөлүк аркылуу сатып алат жана ипотекалык баалуу кагаздарды чыгарат. Өз кезегинде инвесторлор ипотекалык баалуу кагаздарды сатып алуу аркылуу ипотекалык рынокту каржылашат жана ипотекалык насыялоо үчүн акча каражаттарынын агылып келүүсүн камсыздашат.
“Мамлекет жеңил болбогон экономикалык шартта өлкөдө ипотекалык насыялоону жайылтууга чечкиндүү кадам жасады, тиешелүү алгачкы каражатты бөлүп берди, анткени ал өз жарандарынын турак жай көйгөйлөрүн чечүүгө, ипотеканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, андан ары катышуучулардын категорияларын кеңейтүүгө, ошондой эле талаптарды жана критерийлдерди жеңилдетүүгө кызыктар. 

МИК төрагасынын орун басары Усенакун уулу Нуржигит журналисттердин суроолоруна далилдүү жооп берип жатып, бекитилген шарттарга ылайык ипотекалык насыянын максималдуу суммасы 3 млн. сом, төлөө мөөнөтү 15 жылга чейин, пайыздык чендери алгачкы төлөмгө байланыштуу жылдык 10-12% экенине кайрадан токтолду. Минималдуу алгачкы төлөм алынуучу турак жайдын наркынын 10% түзөт, ошондой эле алгачкы төлөм жок учурунда кошумча күрөө коюга мүмкүнчүлүк берилүүдө.
Азыркы учурда программанын артыкчылык берилген катышуучулары бюджеттик уюмдарда эмгектенгендер, биринчи кезекте мугалимдер, дарыгерлер жана социалдык кызматкерлер экендигин Усенакун уулу Нуржигит кошумчалады. Келечекте эларалык уюмдардан балуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу кошумча каржылоолорду тартуу менен бюджеттин бардык тармагында иштеп жаткан катышуучуларга мүмкүнчүлүктүн кеңейиши каралууда. Ипотеканы бюджеттик тармакта иштегендер гана эмес, жеке коммерциялык ишканаларда иштегендердин алуусуна шарт түзүү дагы каралып жатат. 


Көп кабаттуу үйлөрдөн батир алуудагы турак жайларга параметрлерди алсак, батирлердин жалпы аянты 80 чарчы метрден жогору болбоосу, жер үйлөрдүн жана жеке курула турган үйлөрдүкү 150 чарчы метрден ашпоого тийиш. Мында турак жай жашоого ылайыктуу болуусу зарыл. Урай турган абалдагы жана оңдоп түзөөгө сарптоолорду талап кылган турак жайларга эч ким насыя бербей турганын Усенакун уулу Нуржигит түшүндүрүп кетти. Программанын катышуучусуна ипотекалык насыя үйдү жекече жаңыдан курууга же курулушу башталып, бирок бүткөрүлө эле үйлөрдү бүткөрүүгө берилет.
МИКтин өкүлү төмөнкүдөй статистиканы мисал келтирди. 2016-жылдын 16-ноябрына карата абал боюнча 491 насыя берилип, анын жалпы суммасы 563 млн. сомду түздү. Насыя алгандардын ичинен 290 катышуучу Нарын, Чаткал, Сүлүктү, Таш-Көмүр жана башка аймактарынан. Насыянын орточо суммасы бир миллиондон ашык сумманы түзөт. Насыя алуучулардын орточо чогуу алгандагы кирешелери 31 миң сом чегинде белгиленүүдө, алардын айлык төлөмү 12 миң сомдун тегерегинде болуп жатат. Аймактарда турак жайлардын наркы областтык борбордогуга караганда төмөн экендигин белгилеп кетүүгө болот. Таш-Көмүр шаарында, мисалы, бир катышуучу 205 миң сомдон жогору турган суммага ипотекалык насыя алган. 


Ипотека алууга арыз бергендер саны бүт республика боюнча 6 миңден ашып жатканда, насыя алгандар салыштырмалуу аз экендиги айтылып жатат. Бирок, бир тараптан караганда, насыялоо ишинин башталганына болгону жарым жылдан ашты, ал эми негизги өңүттөн караганда, жергиликтүү администрациялардын турак жай комиссияларындагы басымдуу даярдык иштерине, аларды өнөктөш банктарга бергенге чейин МИК тарабынан документтерди текшерүүгө кеткен убакытты унутпашыбыз зарыл. Насыя боюнча негизги тобокелдикке банктар барып жаткандыктан, ипотекалык насыяларды берүү чечими банк тарабынан кабыл алынат. 
Өткөн жарым жыл ичинде 1300 жакын адам ипотека насыя алуудан ар кандай себептер менен баш тартышканын кошумчалады Усенакун уулу Нуржигит. Негизги себеби - Программанын катышуучуларынын ипотекалык насыяларды алуудагы жалпы шарттарды жана талаптарды жетиштүү денгээлде түшүнө бербегендиги болуп жатса, банктар айрымдардан ипотека боюнча пайыздарды төлөгөндөн кийинки каражаттар күндөлүк жашоо-турмушуна жетпей калуу себеби боюнча баш тартып жатышат. 
МИК өкүлү андан ары «Социалдык турак жай” багыты тууралуу айтты. МИКтин республикада жеткиликтүү турак жайдын курулушу боюнча өнөктөшү болгон Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун пландары өзгөргөндөн кийин, бул багытты алдыга жылдыруу ишин МИК өзү колго алууда. Пландарга ылайык, МИК эконом-класс, атап айтканда Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Токмок, Талас жана Каракол шаарларында 7 беш кабаттуу 60 батирлүү (жалпы аянты 40 ч.м. бир бөлмөлүү 30 жана жалпы аянты 52 ч.м. эки бөлмөлүү 30), ошондой эле Бишкек шаарындагы «Тунгуч» кичи районунда турак жайларды курат. Алардын наркы 1 чарчы метр үчүн 40 миң сомдон ашпайт.

Маалымат үчүн
«Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ачык акционердик коому («МИК» ААК) Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-июлундагы №499-токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасында ипотекалык насыялоо механизмдеринин толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу, ошондой эле Өкмөттүн “Арзан турак жай 2015 2020” программасынын кабыл алынышы жана иштеп кетиши үчүн шарттарды түзүү максатында уюштурулган. 
“МИК ААК уюштуруп-түзүү зарылдыгы Кыргыз Республикасында жарандардын турак жайга өтө муктаждыгы, ипотекалык насыялоого каражаттардын жетишсиздиги жана пайыздык чендеринин жогору экендиги сыяктуу көптөгөн жагдайлардан улам шартталган. Ушуга байланыштуу ипотекалык насыялоо рыногун негиздөө, ресурстардын ички жана тышкы булактарын аныктоо, жеткиликтүү турак жайды куруу жана жарандардын турак жайларды алуусун, куруусун мамлекеттик колдоо программасын жүзөгө ашыруу “МИК” ААКнын негизги милдеттери болуп саналат.

// // //