ПРЕСС-РЕЛИЗ

11 Октября 2016

2016-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин конференц-залында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын ишке ашыруудагы көйгөйлөр жана  өзара аракеттенүүнүн денгээлин жогорулатуу” темасында тегерек стол өткөрүлөт. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын жүзөгө ашырууну системалаштыруу жана өркүндөтүү маселелери талкууга алынат.

Тегерек стол отурумуна бардык областтар боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрдүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, өнөктөш банктардын өкүлдөрү жана Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын кызматкерлери  катышат.

Катышуучулар тарабынан Кыргыз Республикасынын “Арзан турак жай 2015-2020” программасын ишке ашырууда орун алган орчундуу көйгөйлөрдү  ар тараптан талкуулап, күтүлүүчү натыйжаларга жетүүнүн жолдорун аныктоо  жана Кыргызстанда ипотекалык насыялоону алдыга жылдырууга жолтоо болуп жаткан көйгөйлөрдү жоюуу жолдору, иш- аракеттерди иретке  келтирүү,  багыттарды  өркүндөтүү жагы каралат.

Аталган иш-чара жетишилген дурус  иштерди, ошондой эле турак жай программасын ишке ашыруудагы тоскоолдуктарды жоюу жана алынган сабактар тууралуу ийри отуруп түз кеңешүүгө  мүмкүндүк берет.

Иш чара өткөрүү дареги: Чүй проспекти, 106, Кыргыз Республикасынын  экономика министрлигинин конференц-залы (3-кабат).

Суроолор менен кайрылуу телефону: 0770 333822.

 

// // //