ИПОТЕКАЛЫК НАСЫЯ БОЮНЧА ПАЙЫЗДЫК ЧЕН ТӨМӨНДӨДҮ

03 Октября 2016

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  “Арзан турак жай 2015-2020” программасын  жүзөгө ашыруунун чегинде берилип жаткан ипотекалык насыяларга карата пайыздык чендер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы  №409 буйругуна ылайык белгиленди.

Аталган буйрукка ылайык төмөндөө Программанын  катышуучуларынын алгачкы төлөмүнөн көз каранды.  Атап айтканда,  30%дан  жогору төлөм учурунда  даяр турак жайды сатып алууга  же жеке турак жайды курууга насыянын пайыздык чени жылдык 10% түзөт. Алгачкы төлөм 20%-30% өлчөмүндө насыянын пайыздык чени жылдык 11%. Ал эми, алгачкы төлөмдүн 10%дан 20% чейинки суммасында же анын ордуна ушул суммага ылайык күрөө предмети коюлганда насыянын пайыздык чени жылдык 12%  барабар болот.  

Ошондой эле, бул Буйрук менен Программанын “Жеке турак жайды куруу” механизми боюнча  пайыздык чендер алгачкы төлөм 20%дан  кем болбогон суммада төлөнгөн учурда, турак жайды куруу мезгилине карата жылдык 14% түзөт.  Бул механизм боюнча пайыздык чен жеке турак үйдү куруп бүткөндөн жана тиешелүү мамлекеттик органдардан колдонууга мыйзам талаптарына ылайык кабыл алынгандан кийин жылдык 10% барабар болот.

“Арзан турак жай 2015-2020” программасын  жүзөгө ашырып жаткан “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому берилген ипотекалык насыяларга байланыштуу маселенин тегерегинде өнөктөш банктар менен иштөөгө киришти. Ипотекалык насыяны алгачкы шарт менен алып калган катышуучурдын насыя келишимдери киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык банк менен карызгердин ортосунда кошумча келишимди түзүүдө кайра каралып чыгат.

Ипотекалык насыялардын пайыздык чендерин төмөндөтүү тууралуу маселе  ушул жылдын 22-августунда өкмөттүн отурумунда талкууга алынып, анда  өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков  тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго  алгачкы төлөм  жана кепилдик менен камсыз кылуу талаптарын  карап чыгуу тапшырмасын бергенин эскерте кетебиз.

Алгачкы төлөм жана кепилдик менен камсыз кылуу  талаптарын  жөнөкөйлөтүү боюнча  тиешелүү өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобого жана Программанын өзүнө киргизилген.  

Кеңири маалыматты МИКтин расмий сайтынан окуп алууга болот.  Ошондой эле, ушул эле сайттагы пресс-релизден, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын жаңы редакцияларынан кеңири маалымат алууга болот.

 

// // //