“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому “Жеке турак жайды куруу “ механизми боюнча биринчи насыяны берди

23 Сентября 2016

 “Мамлекеттик  Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому “Жеке турак жайды куруу “ механизми боюнча биринчи насыяны берди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын жүзөгө ашыруунун чегинде 2016-жылдын 23-сентябрында саат 14.00дө, Коммерциялык банк “КЫРГЫЗСТАН” ААКнун Кант шаарындагы филиалында “Жеке турак жайды куруу“ механизми боюнча ипотекалык насыянын сертификатын  тапшыруу иш-чарасы болуп өттү. Сертификаттын ээси  билим берүү тармагынын кызматкери  Мусабек уулу Эржан болду.

Бул механизм  турак жайы жок, бирок жеке менчигинде жер тилкеси болгон жарандарга ылайыктуу.

Насыя турак жайды жаңыдан курууга жана курулушу бүтө эле үйдү толук бүткөрүүгө 3 млн. сомго чейинки суммада, 15 жылга, 4  транш менен берилет,  атап айтканда, пайдубалды түптөө үчүн, дубалды көтөрүү үчүн, чатырын жаап,  жер тактайын кагуу үчүн, жасалгалоо үчүн  берилет.  Пайыздык чени 18 ай ичиндеги курулуш учурунда жылдык - 14%, ал эми курулуш аяктагандан кийин жылдык - 12%,  жер үйдүн жалпы аянты 150 чарчы метрден көп болбоого тийиш. Алгачкы төлөмү 20%дан жогору.

Программага катышуу үчүн талаптар:

турак жайды курууга же курулушу бүтө элек үй жайгашкан менчик жер тилкесинин болушу 
жер тилкеси карыздык  милдеттенмеге илинген же соттук териштирүүлөрдүн илинчеги болбоого тийиш
катышуучуда жана катышуучу менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүндө менчик турак жайынын  жоктугу
жашай турган турак жай курууга уруксат берүүчү документтердин болуусу
турак жай долбоору боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдук
курулушка смета
турак жайды куруу мөөнөтү 18 айдан көп эмес.

Арыз берүү үчүн документтердин толук тизмеги менен ушул сайттын “Зайымчыларга” бөлүгүнөн таанышууга болот.

МИКтин дареги: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106,  кызуу байланыш телефону 0312 62-14-34.

 

// // //