Ипотекалык насыялоо боюнча Ош шаарында пресс-конференция болуп өттү

19 Сентября 2016

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020”  программасынын катышуучуларын  тандоонун тартиби тууралуу убактылуу жобого киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө  малымат берүү максатында, 2016-жылдын 19-сентябрында Ош шаарында пресс-конференция болуп өттү. 

Бул иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаардык мэриянын жана “МИК” ААКнун түштүк аймагы боюнча өкүлдөрү ипотекалык насыялоонун шарттарындагы өзгөртүүлөр, насыялоо процесстери, насыя алуудан баш тартуунун себептери жана башка маселелер тууралуу кеңири маалымат беришти.

Убактылуу жободогу өзгөртүүлөр жарандар тарабынан арыздарды берүүнүн, аларды шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан кабыл алуунун жана эсепке алуунун тартибине тиешелүү, ошону менен бирге эле   шаарлардын мэрияларынан жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан тизмелерди топтоонун тартибин аныктай турганын белгилөөгө болот.

Ипотекалык насыяларды берүүнүн колдонуудагы тажрыйбаларын эске алуу менен, мындан ары катышуучуларга  өздүк салымы  болбой калган учурда, анын ордуна кошумча күрөө  коюу мүмкүндүгү сунушталууда. Ипотекалык насыя алууда катышуучунун милдеттүү түрдө узак убакытка кепилдик берүүчү адамды табууда бир топ түйшүктү туудуруп,  аталган Программаны жүзөгө ашырууда  кедерги болуп калуу жагы бар. Ушуга байланыштуу, алынуучу ипотекалык насыя боюнча кепилдик табуу зарылдыгы, насыя тобокелдиги толугу менен өнөктөш банкта болгондуктан, банктын өзү тарабынан аныкталат.

Ошондой эле, ипотекалык насыялоо боюнча  сатылып алынуучу турак жайга карата талаптарда көп батирлүү үйлөрдөгү батирлердин  жалпы аянты 80 чарчы метрге чейин болуу шарты каралган.

Учурда турак жай фондунун  тиешелүү денгээлин камсыз кылуу максатында, “Жеке турак жайды куруу” механизми боюнча  жеке турак жайларды куруп алууга да ипотекалык насыяларды  алуу мүмкүндүгү  берилүүдө. Бул механизм турак жайы жок, бирок жер тилкеси бар жарандарга курулушту  жаңыдан баштоого же толук  бүтө элек үйдү аягына чейин бүткөрүп алууга багытталат.

Ипотекалык насыялоо ишинин жүрүшүндө катышуучулардан берилген сунуштардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын  тандоонун тартиби тууралуу  Убактылуу жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын  14-мартындагы №123 токтомуна  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  токтомду кабыл алды.

Убактылуу жобонун жаңы редакциясынын тексти менен ушул эле сайттан “Зайымчыларга” бөлүгүнөн окуп алууга болот.

2016-жылдын 19-сентябрына карата банктар тарабынан түштүк аймагы боюнча берилген насыялар тууралуу маалымат:

 

// // //