Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби тууралуу убактылуу жобого карата өзгөртүүлөр тууралуу кыскача маалымат

09 Сентября 2016

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын  тандоо тартиби тууралуу  убактылуу жободо белгиленген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын  тандоо тартибин өркүндөтүү үчүн ушул Убактылуу жобону иш жүзүндө колдонууну жана эларалык алдынкы тажрыйбаларга ылайык келтирүүнү эске алуу менен, анын жаңы редакциясы иштелип чыгып, бекитилди. Мындан тышкары, Убактылуу жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоону уюштуруу жагында  мындан ары натыйжасыз жана  туура эмес колдонууга жол бербөө үчүн  айрым ченемедер такталды.

Убактылуу жобонун ченемдерин колдонуу процессинде “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК катышуучуларды тандоо жана тандоонун талаптарын колдонуу жагында  жаңы жагдайларга дуушар болду. Программанын баштапкы милдеттери болуп  турак жайга жеткилитүүлүктү жогорулатуу саналат.  Убактылуу Жобого киргизилген өзгөртүүлөр  катышуучуларды тандоонун  талаптарын айырмалайт, тактайт жана ачык айкындайт, ошону менен бирге катышуучулардын эмгектенип жаткан иш орду боюнча мүмкүнчүлүгү жеткен турак жайды алууга же куруп алууга шарт түзүү аркылуу ички миграция денгээлин да  төмөндөтүүгө жардам берет.

Катышуучулардын тизмелерин ырастоо  учурунда  орун алышы ыктымал болгон жемкордук мамилелерге жол бербөө үчүн катышуучулардын тизмелерин ырастоо тартиби  жөнөкөйлөтүлгөн.

Программага катышуу үчүн жарандардын  тизмелерин топтоону борборлоштуруу максатында, Убактылуу жобого  арыздарды берүү орду боюнча өзгөртүү киргизилди. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр шаарлардын мэриялары же жергиликтүү мамлекеттик администрациялары тарабынан жарандардан арыздарды кабыл алуу, эсепке алуу тартибине да тиешелүү, ошондой эле шаарлардын мэрияларынан жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан тизмелерди топтоонун тартибин аныктайт.

Ипотекалык насыяларды берүүгө чейин кароонун жана насыяларды берүүнүн колдонуудагы тажрыйбаларынын негизинде, катышуучуларга  өздүк салымы  болбой калган учурда, анын ордуна кошумча күрөө  коюу мүмкүндүгү сунушталууда. Ипотекалык насыя алууда катышуучунун милдеттүү түрдө узак убакытка кепилдик берүүчү адамды табууда бир топ түйшүктү жаратып, Программаны жүзөгө ашырууда  кедерги болуп калуу жагы бар. Ушуга байланыштуу, алынуучу ипотекалык насыя боюнча кепилдик табуу зарылдыгы, насыя тобокелдиги толугу менен өнөктөш банкта болгондуктан, ал тарабынан аныкталат.

Ошондой эле, ипотекалык насыялоо боюнча  сатылып алынуучу турак жайга карата талаптарда көп батирлүү үйлөрдөгү батирлердин  жалпы аянты 80 чарчы метрге чейин болуу шарты каралган.

Учурда турак жай фондунун  тиешелүү денгээлин камсыз кылуу максатында, “Жеке турак жайды куруу” механизми боюнча  жеке турак жайларды куруп алууга да ипотекалык насыяларды  алуу мүмкүндүгү  берилүүдө.

Кызыктар тараптардын жана тартылган мамлекеттик органдардын сунуштарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын  тандоонун тартиби тууралуу  Убактылуу жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын  14-мартындагы №123 токтомуна  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  токтомду кабыл алды.

 

// // //